Биз менен байланышыңыз

Ишенапысова: Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келиши күтүлүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2021 | 752 | 0

Октябрдын ондоруна чейин Кыргызстанга Pfizer вакцинасы алынып келинет. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин элге «Синофарм», «Спутник V», AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү болуп келген. Эми COVAX программасынын алкагында башка вакциналарды дагы элге сунуштаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«COVAX программасынын жардамы менен Pfizer вакцинасын октябрдын ондоруна чейин алган атабыз. Алгач сентябрдын аяктарында муздаткычтарын алып, койгонго аракет кылабыз. Анткени алар -70 градуста сакталышы керек. Modern вакцинасын алганга да даярданып жатабыз, анын жылдын башында, жылдын аягында келип калуусуна аракет кылабыз. Биз вакциналарды баасына, же гумжардам катары келгенине карап ала бербестен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кепилдигин алгандан кийин гана элибизге беребиз», — деди ал.

Маалыматка караганда, Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет. Ал эми «Синофарм» вакцинасынан 110 миң доза келет.

Copyright © 2017 Maral FM