Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Pfizer жана Sinofarm вакциналарынын 370 миң дозасы келди

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 438 | 0

Бүгүн, 27-октябрда Кыргызстанга 250 миң доза Pfizer жана 111 миң 600 доза Sinofarm вакцинасы келди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Pfizer — COVID-19га каршы дүйнө жүзү боюнча 172 өлкө кирген COVAX демилгесинин линиясы аркылуу Кыргызстанга келген үчүнчү вакцина.

Белгиленгендей, вакцина АКШ өкмөтү тарабынан берилген.

Pfizer вакцинасы менен бирге Кыргызстан бүгүн COVAX демилгеси тарабынан берилген Sinofarm вакцинасынын 111 миң 600 дозасын жана вакциналар үчүн атайын эритүүчү 43 миң 800 флакон алды.

Copyright © 2017 Maral FM