Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Pfizer вакцинасы түштүк аймакка жөнөтүлдү

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 341 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммуннопрофилактика  борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын терс таасирлерин айтып берди.

Анын айтымында, бул препаратты 18 жаштан өйдөкү адамдарга саюуга уруксат берилет.

Эмдөө 21-28 күн аралык сактоо менен эки ирет жүргүзүлөт. Эмдөөдөн кийин ийне сайган жер кызарып, билинер-билинбес оорушу, дене табы 37 градуска чейин көтөрүлүп, бүткөн бой, баш салмактанып оорушу мүмкүн. Мындай белги 2-3 күнгө чейин созулушу ыктымал, эгер 3 күндөн кийин да оору токтобосо, дарыгерге кайрылуу керек.

Ошондой эле Ишенапысова 27-октябрда Кыргызстанга COVAX аркылуу Pfizer вакцинасынын 259 миң 740 дозасы келгенин белгиледи.

Учурда аталган вакцина Бишкек шаары жана Чүй облусунда жетиштүү. Бүгүн эртең менен вакцинанын бир бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна жөнөтүлдү. Ошондой эле эртең Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына да жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM