Биз менен байланышыңыз

«Pfizerдин» башчысы эмдөө жоктугунан Израилге бара алган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 629 | 0

«Pfizerдин» башкы директору Альберт Бурле коронавируска каршы эмдөөнүн жоктугунан улам Израилге бара алган жок. Бул тууралуу «The Jerusalem Post» жазды.

Маалыматка караганда, Бурле биринчи эмдөө алганын, бирок кайрадан эмдөө убактысы келе электигин түшүндүрдү. Ал вакцина «ага көбүрөөк муктаж болгон адамга» кетиши үчүн буга чейин эмделбегенин мойнуна алды.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бурле Израилге пландалган иш сапарын бир нече күнгө жылдырууну чечти.

Эске салсак, өлкөдө COVID-19га каршы массалык эмдөө 19-декабрда башталган. Биринчиден, вакцинаны медицина кызматкерлери жана медициналык факультеттин студенттери алышат. Кезекте тургандардын катарында Израилдин президенти Реувен Ривлин жана муниципалитеттердин башчылары бар.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөдө биринчилерден болуп «Pfizer» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Copyright © 2017 Maral FM