Connect with us

Pfizer коронавируска вакцина чыгарууда көйгөй жаралганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 404 | 0

Pfizer компаниясы COVID-19 вакцинасын чыгарууда көйгөй жаралганын билдиргенин «Fox News» кабарлады.

Маалым болгондой, компания вакцина үчүн чийки зат менен камсыздоону кеңейтүү болжолдонгондон көпкө созулгандыктан, вакцина дозасынын жарымын гана чыгара алышарын билдирген.

«Белгилей кетүүчү жагдай, клиникалык сыноолордун жыйынтыгы мурда пландаштырылгандан кечирээк алынган», — деди компаниянын өкүлү.

Pfizer жана анын германиялык өнөктөшү BioNTech SE жылдын акырына чейин 100 миллион доза вакцина чыгарууну болжолдогон. Бирок азыр бул сумма эки эсеге — 50 миллион дозага чейин кыскарды.

Компания АКШ жана Европанын камсыздоочуларынан чийки зат алат. Өткөн айда вакцинанын чийки зат өндүрүшүн кеңейтүү мүмкүн болгон эмес, анткени Pfizer вакцинанын сыноосунун натыйжаларын күтүп жатты.

Буга чейин Улуу Британия өлкөдө Pfizer жана BioNTech вакциналары менен эмдөө башталганын жарыялаган. Маалыматка ылайык, эмдөө кийинки жумада башталат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM