Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик кызматкерлердин канча пайызы коронавируска каршы эмделди? (тизме)

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 544 | 0

Калкты COVID-19га каршы эмдөө боюнча иш-чаралар уланууда. Министрликтердин жана административдик мекемелердин кызматкерлери да эмдөөдөн өтүүдө.

Республикалык штаб мамлекеттик кызматкерлерди COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча мамлекеттик органдардын рейтингин түздү.

20-сентябрга карата алынган көрсөткүчкө ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелердин кызматкерлеринин 90,1%ы эмдөөдөн өткөн. Экинчи орунду 82%ы эмделген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алды. Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда эмгектенгендер 77,4% эмдөөдөн өтүп, үчүнчү орунду ээледи.

Булардан тышкары

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги — 75,9%,

Инвестициялар министрлиги — 61,8%,

Экономика жана финансы министрлиги — 48,5%,

Тышкы иштер министрлиги — 44,8%,

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы — 44%,

Улуттук статистика комитети — 45%,

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы — 37%,

Улуттук Банк — 26%, Санариптик өнүктүрүү министрлиги — 25%,

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 24%,

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети — 21,3%,

Эсеп палатасы — 21,4%,

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги — 19,7%,

Энергетика жана өнөр жай министрлиги — 8,8%,

Юстиция министрлиги — 7% эмдөө алышкан.

Белгилей кетсек, 21-сентябрга карата COVID-19га каршы 1,3 миллиондон ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен 774 миңден ашуун адам эмделген, экинчи доза менен 571 миңден ашык адам эмделген.

Copyright © 2017 Maral FM