Биз менен байланышыңыз

«Спутник V»: Жараксыз болгон вакцина жооптуу адамдар тарабынан төлөнөт

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 818 | 0

№2 үй-бүлөлүк медицина борборунда жараксыз абалга келген «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы 840 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Маалыматка ылайык, келтирилген чыгым №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги жана жооптуу адамдары тарабынан төлөнөт.

Вакциналардын ар бири мамлекетке 20 долларга жакын суммага сатылып келген.

Эскерте кетсек, мындан мурда Бишкектеги №2 ҮМБда «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы муздаткычтын өчүрүлгөнүнөн улам жараксыз абалга келгени маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM