Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 3 бейтап каза болуп, дагы 95 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 489 | 0

Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус дагы 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 57, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда –23, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 594 бейтап, амбулатордук түрдө 941 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 484 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 902 киши айыгып чыкса, 2 миң 581 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM