Биз менен байланышыңыз

COVID-19га чалдыккан дарыгерлерге 19 млн сомго жакын кенемте төлөндү

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 297 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду пандемия учурунда «кызыл зонада» иштеп жүрүп, COVID-19га чалдыгып, сакайып чыккан дарыгерлерге 18 миллион 943 миң сом төлөп берди.

Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 254 медицина кызматкери кенемте алган.

Аймактар боюнча алганда,

— Бишкек шаарындагы 130 дарыгерге 10 млн 78 миң сом;

— Жалал-Абад облусундагы 13 дарыгерге 957 миң сом;

— Нарын облусундагы 3 дарыгерге 184 миң 500 сом;

— Ош облусундагы 18 дарыгерге 1 млн 137 миң сом;

— Чүй облусундагы 38 дарыгерге 3 млн 61 миң сом;

— Талас облусундагы 9 дарыгерге 606 миң сом;

— Ысык-Көл облусундагы 37 дарыгерге 2 млн 382 миң сом;

— Баткен облусундагы 6 дарыгерге 537 миң сом берилген.

Copyright © 2017 Maral FM