Биз менен байланышыңыз

«Медиктерге өз убагында жардам көрсөтүлгөн жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 934 | 0

Пандемияда өлкөнүн медицина кызматкерлерине өз убагында материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлгөн жок. Мындай бааны мамлекеттик ишмер, медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев «Маралга» берген маегинде берди.

Анын айтымында, «кызыл тилкеде» иштеген айрым медиктер азыркыга чейин компенсациясын ала элек.

«Бизге эки сокку болду. Биринчиси, капысынан каптаган пандемия, экинчиси, сөзүнөн башка эч кандай жардамы жок президент жана анын аппараты, өкмөт. Экс-президент Сооронбай Жээнбековго 2 жолу кат менен кайрылдым. Тилекке каршы, жалаң сыналгы аркылуу гана акыл-насаат айтты, жыргатып сүйлөп жатты. Бирок медиктерге төлөнө турган каражаттарды эки айга чейин кармашты», — дейт Касиев.

Ал Кыргызстанда илдеттен каза тапкандардын саны кошуна өлкөлөргө караганда көп болгонун сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM