Биз менен байланышыңыз

Касиев: Эпидемияга каршы эмдөө — анын жеңил түргө өтүшүн шарттайт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 829 | 0

Калктын 65 пайызы коронавируска каршы эмделсе, ал эпидемия, пандемия түрүнөн, бир-эки жолу кездеше турган жеңил түрүнө айланат. Ошондуктан тездик менен жалпы элди эмдөөдөн өткөрүү керек. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан калкты эмдөөдө кечигип жатат. Бул маселени тездетүү кажет.

«3 күн мурда өзүм эмдөөдөн өттүм. Эч кандай кыйынчылыгы жок экен. Эмдөө эки этап менен жүргүзүлөт. Алдыда экинчи этабына да өтөйүн деп турам. Вакцина келери менен массалык түрдө алгач медицина кызматкерлерин, мугалимдерди, оорулуу адамдарды, айтор, калктын 65 пайызын эмдеп алсак, коронавирус азаят», — дейт Касиев.

Ал коомчулукту эмдөөдөн өтүүгө үндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM