Биз менен байланышыңыз

Касиев: Кадрлардын калыптануусу — жетекчиден көз каранды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 890 | 0

Кыргызстан эки башкаруу системасын жашап көрдү. Кеп системада эмес, адамда экен. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мамлекет, элди ким, кандай адам башкарат? Алдым-жуттум адам башкарабы же сөзү башка, кылган иши башка адамбы? Баары так ушуга байланыштуу болот. Тилекке каршы, президенттерибиздин сүйлөгөн сөзү башка, кылган иштери башка болуп калды. Бир президентибиз бүт өлкөнү бир шоопурга башкартып койсо, бирөө башкаруу системасын түшүнө алган жок. Жаңы ажо акжолтой болсо деген үмүт менен жашап жатабыз», — дейт Касиев.

Анын айтымында, кадрлардын калыптануусу, алардын коомдогу жүрүм-туруму — жетекчиден көз каранды.

Copyright © 2017 Maral FM