Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик ооруканалар бара-бара жакшырат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 928 | 0

Мамлекеттик медицина мекемелеринин деңгээли бара-бара көтөрүлөт. Атаандаштыктын негизинде калкты тейлөө сапаты да жакшырат. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ооруканалардын арасында эң алдыңкы орунда турган мекемелер да бар. Ал эми жеке мечик ооруканалардын да келечеги кең.

Убагында негизги медициналык мекемелерди мамлекеттин карамагында сактап калуу туура кадам болгон. Эгерде СССР тараган соң, бейтапканалар жеке менчикке берилип кеткенде, эл бир топ кыйынчылык тартмак.

Касиев мындан сырткары онклогиялык оорулар боюнча Кыргызстан орто көрсөткүчтө экенин белгиледи.

«Тилекке каршы, онкологиялык оорулар акыркы кезде жаштар арасында көп каттала баштады. Аялдардын эмчек рагы, ашказан рагы сыяктуу илдеттер көбөйүүдө. Буга тамак-аштын сапаты, стресс себеп болууда. Стресс рактын эң негизги себеби экенин окумуштуулар да айтууда», — дейт Касиев.

Copyright © 2017 Maral FM