Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 868 | 0

Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарында кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы болду.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүнө ылайык, ооруканада жогорку деңгээлдеги ыкмалар, заманбап жабдуулар менен операциялар жасалып, дарылоо жүргүзүлөт. Бул дарылануу үчүн чет жерге кетип жаткан бейтаптардын агымын азайтат.

Мындан тышкары, министр келишимдин алкагында Түркиядан мыкты кесипкөй 30 дарыгер (21 эркек жана 9 аял) Кыргызстанга жиберилгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн 72 орун даярдалган (анын ичинде 21и жандандыруу бөлүмүндө).

Copyright © 2017 Maral FM