Биз менен байланышыңыз

«Кызыл зонада» иштеген дарыгерлер августтан бери айлык ала элек

Коом | 19 Окт 2021 | 1040 | 0

Өлкө боюнча «кызыл зонада» эмгектенген дарыгерлер август-сентябрь айлыгын ала албай жатышкандарын социалдык тармактар аркылуу билдирип келишкен. Бул маселе боюнча биздин редакциябызга да кайрылышты. Алардын айтымында, дарыгерлердин көпчүлүгү ишинен ажырап калуудан чочулап, ачык айта алышпайт, аты-жөнүн атоодон коркушат. Дарыгерлердин даттануулары бүгүн парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында да каралды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев август айынан январь айына чейин «кызыл зонада» иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгы үчүн бюджеттен 480 млн сом бөлүүнү суранды.

Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүнө ылайык, суралып жаткан 480 млн сом август айынан 2022-жылдын 1-январына чейин «кызыл зонада» иштеген медицина кызматкерлерине маяна катары жумшалат.

«Мунун бардыгы 1-январга чейин «кызыл зонада» иштей турган медкызматкерлерге керек. Азыркы учурда «кызыл зонада» иштеген медицина кызматкерлеринин август-сентябрь айлыгы бериле элек. Бул боюнча социалдык тармактар аркылуу да баарыңыздар билип жатасыздар. Бизге каржылоо ачылбай, август-сентябрь айларында «кызыл зонада» иштегендерге айлык бере албай калдык. Бүгүн сиздер ачып берсеңиздер, ушул демалыштын аягына чейин айлык акынын баарын төлөйбүз».

Депутат Арысланбек Акбаров Лейлек районунда «кызыл зонада» иштеген дарыгерлер 2020-жылдан бери бир жолу төлөнүүчү кементени да ала албай жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал Лейлек районунун Исфана шаарындагы инфекциялык ооруканада иштеген дарыгерлер июль айынан бери айлык ала албай жатканын кошумчалады.

«Мен буга чейин да айттым эле, Лейлек районундагы 43 дарыгер 2020-жылы «кызыл зонада» иштеп, Саламаттыктыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде бир жолу берилүүчү кенемтени бүгүнкү күнгө чейин ала албай жатышат. Ошондо Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов: «Бүгүн жооп берем», — деген эле, бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп берген жок. Бүгүн да мага кайрылуу келип түштү, Лейлек районунун Исфана шаарындагы инфекциялык ооруканада иштеген медициналык кызматкерлери ушул жылдын июль айынан бери айлык акысын ала албай жүрүшөт экен».

Ал эми депутат Тариел Жоробеков өз өмүрүн тобокелге салып «кызыл зонада» иштеп жаткан дарыгерлерге айлык акыны өз убагында берүү маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле ал жетекчилик кызматтарда тургандардын жоопкерчиликсиз мамилесин сынга алып, кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге ар бир мекеменин башкы дарыгери жана комиссиясы чечим чыгарып, тиешелүү документтерин тапшырганына карабастан, 5 айдан бери кенемте төлөнбөй жатканын айтты.

«Сиздерге 1-июнда Талас обулустук ооруканасынын 9 дарыгеринин буйругу берилген. Андан бери 5 ай өттү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен Саламаттыкты сактоо министрлиги бири-бириңерге «топтой тээп», бербей жатасыздар. Каражаттар бар, баары мыйзам чегинде каралган. А эмнеге берилбей жатат? Мен көтөргөндөн кийин сиздер айтып жатасыздар, беш айдан бери эмнеге реакция болгон жок? Кечээ мага «Өкмөттүн жаңы токтому бекилип, бизге берилгенден кийин беребиз», — дедиңер, бүгүн болсо, «Акча каражат бар, бизге кеч түштү», — деп жатасыңар. Акча болгондон кийин убагында берип койсоңор болбойбу, бул кимдин шалаакылыгы?»

Бюджеттен акча бөлүүгө депутаттар макулдугун беришти. Пандемия маалында эмгектенген дарыгерлерди колдоо багытында кошумча 480 млн сом бөлүү тууралуу тескеменин долбоору эми жалпы жыйында каралат. Депутаттар бул маселе кечиктирбестен, «кызыл зонада» иштеген дарыгерлер тиешелүү акчасын толук алышы керектигин кошумчалашты.

Copyright © 2017 Maral FM