Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Аскер госпиталында кошумча 65 орун даярдалды

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 556 | 0

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды. Эртең мененки 8:00го карата 124 бош орун бар. Ошондой эле бүгүнтөн тартып Аскер госпиталында COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча дагы 65 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча:

— Улуттук хирургия борбору – бош орун жок;

— Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 1 орун;

— №2 клиникалык төрөт үйү – 6 орун;

— №2 шаардык клиникалык оорукана – 19 орун;

— №6 шаардык клиникалык оорукана – 1 орун;

— Улуттук кардиология жана терапия борбору – 7 орун;

— Чүй облустук бириккен оорукана – бош орун жок;

— Улуттук госпиталь: ИОВ – 10 орун;

— Улуттук онкология жана гематология борбору – 7 орун;

— Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – бош орун жок;

— Республикалык наркология борбору – 7 орун;

— Улуттук госпиталь: Мобильдик клиника – бош орун жок;

— Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок.

Кошмча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор боюнча билсе болот.

Copyright © 2017 Maral FM