Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды. Эртең мененки 8:00го карата 124 бош орун бар. Ошондой эле бүгүнтөн тартып Аскер госпиталында COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча дагы 65 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча:
— Улуттук хирургия борбору – бош орун жок;
— Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 1 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйү – 6 орун;
— №2 шаардык клиникалык оорукана – 19 орун;
— №6 шаардык клиникалык оорукана – 1 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борбору – 7 орун;
— Чүй облустук бириккен оорукана – бош орун жок;
— Улуттук госпиталь: ИОВ – 10 орун;
— Улуттук онкология жана гематология борбору – 7 орун;
— Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – бош орун жок;
— Республикалык наркология борбору – 7 орун;
— Улуттук госпиталь: Мобильдик клиника – бош орун жок;
— Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок.
Кошмча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор боюнча билсе болот.