Мамлекеттик катчы кызматын кайра ачуу — туура кадам. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик катчы АКШда тышкы саясатты жүргүзөт. Ал эми бизде мурдагы Башмыйзам боюнча президенттен кийинки экинчи маанилүү адам деп эсептелчү. Бул кызматтын адамы маданиятты, саламаттыкты сактоону, элге билим берүүнү, дегеле бүт социалдык тармакты координациялап, мамлекеттин идеологиялык багытын аныктап берчү. Анткени мындай маселелерге кээде президенттин убактысы жетпей калат. Айрыкча, бир системадан экинчи системага өтүп жаткан өлкө үчүн бул абдан керек кызмат.
Касиев мындан сырткары, административдик-аймактык реформа тууралуу да пикирин билдирип, аны ишке ашырууга жетекчилердин эрки жетпегенин белгиледи.
«Айыл өкмөттөрдү ирилештирүү зарыл. Өкмөттө жүрүп жаткан кайра курууларды колдойм. Кээ бир райондорду да бириктирип, адмнистративдик башкарууну эмес, калкка кызмат кылуу процессин жогорулатуу керек», — дейт Касиев.