Биз менен байланышыңыз

«Облус жетекчилигин жоюп, акимдик институтту күчөтүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 2272 | 0

Экс-вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде акимдик институтту күчөтүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, учурда акимдер эч кандай ыйгарым укукка ээ эмес. Жадагалса, жанындагы адистерин да тандай албайт, болгону айдоочусу менен тазалыкчыны гана кызматка ала алат. Алар — учурдун эң бечара адамдары.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүн жоюу керек. Анткени бул орган өкмөт менен акимдердин ортосунда кагаз алмаштырып гана отурат.

«Губернаторлукту жоюу керек, анткени ал сокур ичеги сыяктуу, ашыкча. Айыл өкмөттүн башчылары жергиликтүү кеңештин депутаттарын сатып алып, элдин үнүн укпайт, мындайды көрүп жатабыз. Андыктан акимдик интитутту күчөтүү керек. Анткени ал райондогу айыл өкмөттөрдүн ишин көзөмөлдөйт. Ошого жараша ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл», — деди Аскаров.

Ал белгилегендей, облус жетекчилигине короткон акчаны акимдерге берүү керек. Бүгүнкү күндө акимдер каражаттын жоктугунан эл менен жолугуша албай калды.

Copyright © 2017 Maral FM