Биз менен байланышыңыз

Тилек Матраимов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган эмес

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 1367 | 0

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов бир айга эс алууга чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиргенин ЖМКлар жазып чыкты. 

Буга чейин журналист Кудурет Тайчабаров Тилек Матраимовдун кызматтан кетип жатканы боюнча жазып чыгып, социалдык тармактарда талкуу жүрүп жатат.

Тилек Матраимов — «Райым миллион» каймана  аты менен таанылган Райым Матраимовдун бир тууган иниси. Ал калкынын саны боюнча алдынкы орунда турган Кара-Суу районун 8 жылдан бери жетектеп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM