Биз менен байланышыңыз

Нарын облусунда үч жетекчи аттестациялоодон өтпөй калды

Кыска кабар , Саясат | 13 Мар 2021 | 8057 | 0

Нарын облусунда болгон акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады, Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгында комиссия Жумгал районунун акими Залкарбек Бозбалаевди, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Динара Жунусованы, Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Ишенбек Муканбетовду «ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт» деп тапты.

Ошол эле учурда Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Эшмухаммед уулу, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жана Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова аттестациялоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүп, комиссия аларга карата «ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызматынан көтөрүлүүгө сунуш кылынат жана кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилет» деген чечим чыгарды.

Калган акимдер жана алардын орун басарлары ээлеген кызмат ордуна татыктуу экени айтылды.

Комиссиянын корутундусу Премьер-министрдин кароосуна жиберилет.

 

Акимдерди аттестациядан өткөрүү Нарындан башталды

Премьер-министр Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

Copyright © 2017 Maral FM