Биз менен байланышыңыз

«Жетекчи кызматтардын баарын люстрациялоо зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1475 | 0

Мектеп директорлорун, бала бакчалардын жетекчилерин, бардык тармак боюнча облустук, райондук мекемелердин башчыларын аттестациядан өткөрүп, ротациялоо зарыл. Анткени бир орунда 20 жылдап иштеген жетекчилер бар. Мындай пикирин V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекетке тийиштүү жетекчи кызматтардын баарын люстрациялап, күчтүү кадрларды алып келүү кажет. Аттестациядан өткөргөндө кадрлардын билим деңгээли заманбап талаптарга дал келип-келбеши билинет.

Кадрларды ротациялоо мыйзамсыз иштердин алдын алат. Бир чети өз элине чоң болгон кадрлар өспөйт, жакшы аракет кылбайт. Мындайларды «биздин бала» деп колдогондор чыгат.

Мындан сырткары иш натыйжалуу болушу үчүн жер-жерлерге өздөрүнүн бюджеттин бөлүштүрүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM