Биз менен байланышыңыз

«Астыдагы шайлоо күчтүү атаандаштык менен өтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1290 | 0

Жергиликтүү кеңештердин шайлоо алдындагы үгүт иштери мурункуларга салыштырмалуу өтө активдүү. Мындай пикирин V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк айыл өкмөттөрдө, шаарларда үгүт иштери активдүү жүрүп, агрессивдүү көз караштагы күрөш болуп жатат.

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу күчтүү атаандаштык менен өтөт. Административдик ресурс пайдаланылбаса, добуштар сатылып алынбаса, кадыр-барктуу, иштерман адамдарды шайлап алууга болот.

«Жергиликтүү кеңештин, парламенттин депутаттары эки тепкичтүү бюджетти түшүнө билиши керек. Мындан улам айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары өтө билимдүү, бюджет, экономикалык, социалдык абал боюнча түшүнүгү болбосо, баягы эле кырдаал болот. Анткени буга чейин шайланган депутаттардын 80-90 пайызы билимсиз болгону — жашоо чындыгы», — дейт Нарматова.

Copyright © 2017 Maral FM