Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстан» жарандардын шаарларга массалык катталуусуна тынчсызданат

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 554 | 0

12-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Буга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо өтө турган шаарларда калктын санынын жасалма өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Аталган партия мындай окуя шайлоону өткөрүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу жактардын көңүл сыртында калбашы керек деп эсептейт.

-Биз жергиликтүү кеңештерге 12-апрелде шайлоо өтө турган шаарларда көчүп келгендерге паспорт алмаштырууну жана каттоого турууну убактылуу токтотуп турууну зарыл деп эсептейбиз. Борбордук шайлоо комитети жана компетенттүү органдар тарабынан шайлоолордун жыйынтыгына алдын ала таасир этүү аракеттери токтотулуп, тартипке салуу боюнча толук чаралар көрүлүүгө тийиш , — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, «Мекеним Кыргызстан» партиясы алдыда турган шайлоолордун бардык катышуучуларын мыйзамсыз аракеттерди колдонуудан баш тартууга чакырды.

Эске салсак, Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандарды жапырт каттоолор жүрүп жатканы боюнча  тийиштүү чаралар көрүлө турганын  Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) башчысы Нуржан Шайылдабекова билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM