Биз менен байланышыңыз

Калкы 20 миңден ашкан айылдык кеңештердин төрагалары эмгек акы алышат

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 777 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча кеңешме өткөрүп, калкы 20 миңден ашкан айылдык кеңештердин төрагалары үчүн бекитилген бир айлык базалык эмгек акы берүү боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Өкөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары Өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, калкы алты миңден ашкан айылдык кеңештердин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн акы төлөнүүчү жооптуу катчы кызматы бекитилет.

Жергиликтүү кеңештердин төрагалары үчүн айлык акы 2020-жылдын 1-июлунан тарта төлөнүп баштайт.

Жыйындын жүрүшүндө дотациялык айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу чараларын жүзөгө ашырууга көңүл бурулду.

Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарда жарандардын жашоосун жакшыртуу күч-аракеттери менен бирге этностор аралык ынтымакка, тынчтыкка жана туруктуулукка айрыкча көңүл буруу зарыл.

Премьер-министр баса белгилегендей, этностор аралык чыңалууну шарттаган себептерди жана шарттарды өз убагында четтетүү, таасирдүү чараларды көрүү маанилүү.

Copyright © 2017 Maral FM