Биз менен байланышыңыз

«Башаламандык уюштурууга аракет кылган бейөкмөт уюмдар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1312 | 0

Өлкөдө тартиптин жоктугунан сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын арасында ызы-чуу чыгарып, башаламандык уюштурууга аракет кылган күчтөр бар. Мындай пикирин V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мамлекетте темирдей тартип болбосо, бүгүнкүдөй бейбаш болуп жүрө беребиз. Адамдардын адеп-ахлагы, ариет-намысы, жүрүм-турум эрежелери, мамлекетти, ишти сүйүүгө болгон жоопкерчилик, улуттук идеологиянын баары темирдей тартиптин ичине кирет. 30 жылдан бери улуттук идеологиянын жоктугунан,  сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдар, диний агымдар, секталар Батыштын, Чыгыштын идеологиясын элге сиңирүүгө аракет кылып, бош калган вакуумду ээлеп бүтүштү. Натыйжада, жүрүм-турум эрежелерибиз, таалим-тарбиябыз өзгөрдү», — дейт Нарматова.

Анын айтымында, темирдей тартип болбосо, ынтымак, биримдик, береке, өнүгүү болбойт. Президент Садыр Жапаровдун тартип орнотууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал жарлык кабыл алышы шарт. Болбосо коом бейбаш болуп, эч ким эч кимди укпай жатат. Бийликти сындап, жамандыкты айткандар арбын. Ал эми жакшылыкты эч ким айткысы келбейт.

Copyright © 2017 Maral FM