Биз менен байланышыңыз

Райымкулов: Айрым бейөкмөт уюмдардын максаты — Кыргызстанды жок кылуу

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2021 | 1085 | 1

Батыштын кызыкчылыгын коргогон, бийликке сын айткан бейөкмөт уюмдардын мамлекетке зыянынан башка пайдасы жок. Алардын максаты: Кыргызстанда башаламандык уюштуруу, мамлекетти жок кылуу. Мындайда өнүгүү да болбойт, инвестор да келбейт. Коммерциялык эмес уюмдардын өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсүнө уруксат берилбеши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 32 миңден ашык бейөкмөт уюм катталган. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору 26 миң коммерциялык эмес уюмга тиешелүү. Бирок анын ичинен 175 уюм аталган мыйзам долбооруна каршы чыгууда.

Тийиштүү мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюм аткарган иштери боюнча жылына бир жолу Юстиция министрлигине же Салык кызматына маалымат гана берет. Анын арты менен элдин ишенимине ээ болуп, мамлекет менен өнөктөш болушуна шарт түзүлөт.

Ошол эле учурда мыкты иш алып барган коммерциялык уюмдарды ачыкка чыгаруу максаты да каралган.

«26 жылдын ичинде 2 млрд доллардан ашык каражат келиптир. Бирок алардын сарпталышын тастыктап бере алышкан жок. Коммерциялык эмес уюмдардын көпчүлүгүнүн каражаттары «гейлердин парадын» алып чыгууга, түрдүү митингдерди, бийлик менен элдин ортосунда башкаламандыктарды уюштурууга жумшалса керек. Анткени аларды көзөмөлдөй турган бир да мыйзам жок», — дейт Райымкулов.

Эл өкүлү коңшу мамлекеттерде сырттан каржыланган уюмдар акча каражаттарынын сарпталышын  көзөмөлдөгөн мыйзам бар экенин эске салып, өлкөлөр өнүгүп жатканын белгиледи.

Башка мамлекеттерде чет өлкө каржылаган уюмдардын «чет жактын агенти» деген макамы бар экенин да кошумчалады.

Эске салсак, 4-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун батыраак кабыл алуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындай кадам бейөкмөт уюмдардын отчет берип туруусун шарттоо максатында жасалып жатканы айтылат. Бирок коммерциялык эмес уюмдар бул аракетти укуктук чектөө, айрым иштерге бөгөт коюу катары карашууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Таласбаев Рыскулбек

    05.03.2021 22:07

    «Жаман уйдун коногу бий»-НПОлорду каржылаган чет мамлекеттер ошолор аркалуу биздин мамлекеттин ички ишине кийлигишип биздин коомду болуп жарып,улуттук жиктенууго,сепаратизимди жайылтууга кызыктар экендиктери Ош окуясында ачыкталды.»Разделяй и властвуй»принциби менен НПОдогу чыккынчы-саткындардын жардамы аркалуу Кыргыз элинин бутундугун,улуттук каада салтын,маданиятын,урп адатын жок кылып,батыштын жийиркеничтуу эркин маданиятына сыйынган манкуртка айландырууну коздошот.Буларды ото катуу козомолго алып копчулугун токтоосз жабыш керек!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM