Биз менен байланышыңыз

Райымкулов: Акыркы 6 жылда Кыргызстанда демократия болгон жок

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 733 | 0

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда демократия болгон эмес. Мындай пикирин депутат Бактыбек Райымкулов Жогорку Кеңештин жыйында айтты. Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турган учурда каршы чыккандарды камакка алганын белгиледи.

— Буга чейин Алмазбек Атамбаев кылмыш кылган болсо, жазасын мойну менен тартышы керек. Ак болсо, сотко келип далилдеп берсин.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 25-июнда парламенттин тармактык комитетинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын корутундусу даяр экенин белгилеген болчу. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Учурда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуу маселесин карап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM