Биз менен байланышыңыз

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам ЖМКлардын ишине кедергисин тийгизбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2021 | 801 | 0

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдар аткарып жаткан иши боюнча гана комчулукка маалымат берет. Мыйзамдын долбоору алардын иш-аракеттерин чектебейт.

«Ошол эле коммерциялык эмес багытта иш алып барып жаткан ЖМКлардын да аткарган жумуштары боюнча маалыматтар бар да. Айрым ЖМКлар бир гана Батыштын кызыкчылыгын колдогон бейөкмөт уюмдарды алып чыгууда. Медалдын эки тарабы болот, эки жагын тең айтышпайт. Маселен, айрым саясатчыларыбызды жөндөн жөн эле курал кылып алып чыгышууда», — дейт эл өкүлү.

Ал айрым ЖМКлар тергөөчү, сот, коррупция менен күрөшкөн органга айланып кеткенин сынга алды.

«Жаран мамлекетке каршы иш кылып жатса, аны айтып чыгуу — журналисттин укугу. Бирок калп маалымат айтуу — акылга сыйгыс нерсе», — дейт Райымкулов.

Эске салсак, 4-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун батыраак кабыл алуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындай кадам бейөкмөт уюмдардын отчет берип туруусун шарттоо максатында жасалып жатканы айтылат. Бирок коммерциялык эмес уюмдар бул аракетти укуктук чектөө, айрым иштерге бөгөт коюу катары карашууда.

Copyright © 2017 Maral FM