Биз менен байланышыңыз

«Беймөкмөт уюмдарды «чет өлкөнүн чыккынчылары» деп аташыбыз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2021 | 595 | 0

Чет жактардын жардамы коммерциялык уюмдар аркылуу эмес, мамлекеттик деңгээлде болушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды мамлекеттер эмес, Батыштын кызыкдар адамдары колдоп жатат. Батыштан келген каржы булактарга эч кандай көзөмөл жок.

«Кыргыз жарандары улуттук баалуулуктарга күйбөй, өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча чет жакка маалымат берип, алардын ырын ырдап, акчасына оокат кылып жатканына таң каласың. Эгерде жардамдар түз элге берилсе, өкмөт да өнөктөш болуп иштешмек. Учурда Батыштын кызыкчылыгын коргогондор көчөдө жүрөт, мамлекеттин ар бир ишине сын тагууда. Сын айтуу оңой, бирок иш алып баруу оор. Сунушу болсо, кат түрүндө бериши керек. Аларды чет өлкөнүн чыккынчылары деп айтам», — дейт Райымкулов.

Ал белгилегендей, Кыргызстан улуттук идеологияны бекемдөө саясатын жүргүзүшү зарыл. Айрым коммерциялык эмес уюмдар бийлик алмаштыруу менен убара.

«Же туруктуу максаты, багыты жок болууда, же чет өлкөнүн кызыкчылыгын коргой турган адамды бийликке алып келе албай жатат, айта албайбыз», — дейт Райымулов.

Copyright © 2017 Maral FM