Connect with us

Бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө салуу сунушталды

Коом , Кыска кабар , Саясат | 9 Янв 2020 | 1705 | 0

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер ал кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо кирет. Ага ылайык, уюмдар киреше жана чыгышалары тууралуу маалымат берет. Долбоордун демилгечилери мындай аракеттер бирикмелердин ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кыларын айтса, укук коргоочулар, тескерисинче, чет элдик шериктештиктер менен иштөөдө тоскоолдук жаратарын белгилешет.


Өлкөдө коммерциялык эмес уюмдардын кирешеси жана чыгашасы боюнча маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов демилгелеген. Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам жактырылса, өкмөттүк эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турат. Тийиштүү  талапты аткарбаган тараптар мыйзам чегинде жоопко тартыларын айтат:

— Эч кандай текшерүү да, ишмердүүлүктөрүнө тоскоолдук да болбойт. Жөн гана жылына бир жолу маалымат иретинде отчёт беришет. Жакшы ой менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Бул коммерциялык эмес бирикмелердин өздөрүнө да жакшы. Аткарып жаткан иштери боюнча элге маалымат берилип, уюмдарга моралдык жактан өзүн коргоосуна жакшы чаралар көрүлүүдө. Эгерде отчёт берүүдөн баш тартышса, 13 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөп калышы мүмкүн. Болбосо, эртең террористтерге акча келип калышы ыктымал. Ушул сыяктуу ойлор жаралууда. Албетте, коммерциялык эмес уюмдардын жасап жаткан жакшы иштери көп. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. Алдыда өзгөртүүлөрдүн болушу күтүлөт. Сунуштар четке кагылбайт.  

Айрым серепчилер мыйзам долбоорунун кайра сунушталып жатканына Орусиянын таасири бар экенин айтып чыгышты. Бирок Бактыбек Райымкулов мындай пикирлерди четке какты. Эл өкүлү сунушталган долбоор колдоо тапса, элде коммерциялык эмес уюмдарга ишеним жогорулап, алардын ишинде ачык-айкындуулук камсыздаларын белгиледи.

Деген менен коммерциялык эмес уюмдар Социалдык фондго, Улуттук статистика комитетине тиешелүү отчётторду берип келе жатканын белгилешет. Алсак, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүн тескөөдө мыйзамдар жетиштүү деп эсептейт. Маселен, “Сезим” ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүп, ал боюнча грант бөлгөн уюмдарга да тийиштүү маалыматтарды үзгүлтүксүз берип турарын билдирди:

— Биз отчёт берип жатабыз. Бардык бирикмелер берет. Анткени каражатты берип жаткан уюмдар маалымат сурашат. Биз ачык-айкын эле иштеп жатабыз. Менин баамымда, азыр мамлекеттин ар бир уюмдун каражаты кандай сарпталып жатканын текшерүүгө мыйзамдары жетиштүү. Мыйзам долбоорун сунуштаган депутат жаңы эле шайланып келгенби? Ал бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көп билбейт окшойт.   

1997-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Юстиция министрлигинен катталган коммерциялык эмес уюмдардын саны 28 миңдин тегерегин түзөт. Министрлик бирикмелерди каттоо менен гана чектелет. Мекемеге алардын ишин жөнгө салуу милдети жүктөлгөн эмес. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Эмир Зулпуев маалымат берип өттү:

— Министрлик юридикалык жактарды каттоо функциясы менен гана чектелет. Аларды текшерип, ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө акыбыз жок, укуктуу эмеспиз. Бирикмелер иштеп же иштебей жатканын Юстиция министрлиги билбейт. Ар бир юридикалык жак Салык кызматы менен Социалыдк фондго ай сайын, квартал сайын, жыл сайын отчётторду берип турат.  

Эгерде сунушталган мыйзам долбоору колдоо тапса, анда коммерциялык эмес бирикмелердин чет өлкөлүк шериктештиктери менен иштөөсүнө тоскоолдук жаралышы мүмкүн. Мындай пикирин айткан укук коргоочу Азиза Абдрасулова тийиштүү мыйзамдын демилгеленүүсүн адам укуктарын коргоп, бийликти сындаган уюмдарга карата басым катары сыпаттады. Ал коммерциялык эмес уюмдар өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына жана демократиялык баалуулуктарга шайкеш иштөөсү үчүн мамлекет аларга колдоо көрсөтүүсү зарыл экенин белгиледи.

— Кайра эле бейөкмөт уюмдар деп туруп адам укуктарын коргогон бирикмелерге басым күчөйт. Мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, анда саясий партиялар, диний уюмдар, баары кошуп каралышы керек.  Анткени алдыда шайлоо келе жатат. Биз шайлоолордо саясий партияларга сырттан акча келерин билебиз. Ушундан улам алардын көзөмөлгө алынышын айтып, бийликтин кемчиликтерин сынга алабыз. Ошондуктан, бул жерде эптеп оозубузду жабуу максатында механизм издеп жатышат. 

Абрасулова 6 миллондон ашык калкы бар Кыргызстан үчүн өлкөдөгү коомдук бирикмелер аздык кыларын, мыйзам долбоору колдоо тапса, айрым уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу коркунучу бар экенин кошумчалады:

— Укук коргоо уюмдарында иштеген кызматкерлер чочулашы мүмкүн. Коммерциялык уюмдар көп дегенибиз менен фонд, медреселердин баары ошол тизмеге киргизилген. Кыргызстанда чыны менен эле адам укугун коргогон уюмдардын саны 500дөн ашпайт. Эгерде Кыргызстан адам укугу корголгон өлкө болом, бейкүнөө адамдар ур-токмокко, аялдар зомбулукка кабылбасын десе, бейөкмөт уюмдар менен жакшы карым-катышта иштеши зарыл. Бирок бизде биринчи кезекте адам укуктары бийлик тарабынан бузулууда. Бийлик көзүн жумуп коюуда же болбосо өзү ур-токмокко алган… Армия, түрмөдө өлгөндөр үчүн кимди күнөөлөйбүз? Албетте, бийлик өкүлдөрүн күнөөлөйбүз. 

Эскерте кетсек, коммерциялык эмес уюм кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана бүткүл коомдун кызыкчылыгында жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, алар үчүн пайда табуу иштин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу уюм.

Copyright © 2017 Maral FM