Биз менен байланышыңыз

Райымкулов: Бейөкмөт уюмдар тууралуу сунуштарды угууга даярбыз

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 461 | 0

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери сунуштарды угууга даяр экенин билдиришти. 5-июнда мыйзам долбоорунун демилгечилери, жарандык коом жана бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен онлайн режимде талкуу болуп өттү.

Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар – Бактыбек Райымкулов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Улан Примов, Евгения Строкова, Аида Исмаилова, Марлен Маматалиев.

Демилгечилердин бири Бактыбек Райымкуловдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын каржы ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана отчеттулугун ишке ашыруу болуп эсептелет.

Учурда мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өтүп, комитеттин кароосунда турат. Ошондой эле коомдук жана эксперттик талкуулар болууда. Бул жерде бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу тууралуу сөз болуп жатканын айта кетүү керек. Учурда алар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты Улуттук статистика комитетине жана Салык кызматына тапшырат, — деди ал.

Райымкулов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда чет элдик агент деген түшүнүк жок экенин айтты.

-Бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү биздин жарандар. Аларды кантип чет элдик агенттердин катарына кошууга болот. Сунушталып жаткан мыйзам жөнөкөйлөтүлгөн. Мыйзам каржы отчеттуулугун талап кылат. Жогоруда айткандай, бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык уюмдар берген отчетторду отчет деп айтууга болбойт. Алардын жашыруун деген мөөрү бар. Биз алардын отчеттору коомчулукка жеткиликтүү болсун деп жатабыз, — деди Райымкулов.

Copyright © 2017 Maral FM