Биз менен байланышыңыз

«Акчага кул болуп, биздин баалуулуктарды тебелеген уюмдар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 1009 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова “Марал” радиосуна берген маегинде бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынса Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн уюмдар гана иштей турганын билдирди.

Анын айтымында, учурда бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн багыты боюнча иш алып барбастан, коомдогу көз караштарга өзүнчө топ болуп калууда. Мындан улам мамлекеттик көзөмөл керек. Ал мыйзам менен камсыз кылынат.

Ал эми бейөкмөт уюмдар боюнча 1999-жылы кабыл алынган мыйзам бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт.

«Андан бери коом, мамлекеттин ички саясаты, социалдык-экономикалык абалы өзгөрдү. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн мыйзам иштеши керек. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү — замандын талабы. Алар Социалдык фондго акча төлөп, патент алып коюп иштей беришет. Бирок сырттан келген акча тууралуу айтышпайт. Алардын берген маалыматы бизди канааттандырбайт. Айрым уюмдар трениниг өткөргөндө бири-бирин чакыра коюп өздөрүнчө жумуш жасашат», — дейт экс-депутат.

Нарматова айрым бейөкмөт уюмдар сырттан келген каражатка кул болуп, мамлекеттин баалуулугун тебелеп жатканын белгиледи.

«Бейөкмөт уюмдардын келиши менен үй-бүлөлүк ынтымак сакталганы кайда? Кайда ичкилик азайып кетиптир? Биз баалуулуктарыбызды америкалык саясат менен үйрөнөбүзбү? Кыргызстан коркунучта турат. Каалаган адам келип, бейөкмөт уюм түзүп, каалаган ишин жасап жатат. Эгер алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынса, мамлекетти бөлүп жарууга аракет кылган уюмдар иргелип калат. Мыйзам чегинде өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн уюмдар иш алып барат. Аларга уставынан сырт иштерди аткаруусуна тыюу салынат», — дейт Нарматова.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү сунушталды

Copyright © 2017 Maral FM