Биз менен байланышыңыз

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү сунушталды

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 1048 | 0

Бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөткөн мыйзам кабыл алуу өтө зарыл болуп турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Орозбек Опумбаев парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бейөкмөт уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Себеби бүгүнкү күндө эл аралык уюмдар тарабынан келген каржылоо көзөмөлсүз жүрүп жатат.

-Бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөл кылуу башка мамлекеттерде да ишке ашып жатат, бул багытта мыйзам кабыл алынууда. Ошондуктан бул мыйзам бизге абдан керек болуп турат. Канча акча келип, кимге барып жатат, кандай акциялар болууда? Мунун баарына көзөмөл болсо, биз кайсы чет элдиктер өлкөгө келип жатканын, аларга кантип каршы туруу керектигин билет элек. Эгер аларга такыр тыюу салсак, Конституция боюнча биз күнөөлүү болмокпуз. Себеби дискриминация болбошу керек. Менин оюмда бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алып, максаты, милдети, жоопкерчиликтери так белгиленсе ИИМ менен иш алып барууга мүмкүн болмок.

Бүгүн Жогорку Кеңеште 8-мартта Бишкекте митинг уюштургандар жана алардын максаты тууралуу күч органдарынын маалыматын угуу маселеси талкууланды.

Депутат Дастан Бекешов бул маселени кароо менен жыныстык азчылыкты колдогондорду тескерисинче жайылтуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми эл өкүлү Айнуру Алтыбаева ИИМге, Бишкек мэриясына аялдардын укугун коргоого арналган бул жүрүштү өткөрүүгө уруксат бергенине ыраазычылык билдирди.

Кошумчалай кетсек, Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү туруксуздуктан кооптонуп, сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлгө алууну көздөөдө. Ушундай эле мыйзам долбоору Орусияда да кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM