Биз менен байланышыңыз

VI чакырылыштын сынга калган мыйзамдары (тизме)

Коом , Саясат , Экономика | 30 Июн 2020 | 2628 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары 2019-2020-жылдардагы сессиялык ишинде бир күндө 67 мыйзам долбоорун кабыл алып, парламенттин тарыхында рекорд коюуга жетишти. Ошондой эле ар түрдүү «хайптарды» жаратуу менен бирге парламентте кабыл алынган бир нече мыйзам долбоорлору коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктарды жаратты.

Алардын айрымдарына азыркы учурдан баштап, 2019-жылдын сентябрь айына карай хронологиялык негизде токтоло кетели:

Парламент интернетти көзөмөлдөөгө уруксат берди

25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Учурда аталган мыйзам долбоору президент Сооронбай Жээнбековдун кароосунда турат. Коомчулук жана жарандык активисттер президенттен мыйзамды артка кайтаруусун суранып жатышат. Эксперттердин пикиринде, аталган мыйзам кезектеги депутаттык шайлоонун алдында атайын сөз эркиндигин чектөө үчүн кабыл алынган жана «фейктер» менен буга чейин эле кабыл алынган мыйзамдар менен күрөшүүгө болот.

Бишкекте интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер 2 жолу митинг жана акция өткөрүштү.

Документтин демилгечилери — депутаттар Гүлшат Асылбаева жанаАйнура Осмонова.

Шайлоо босогосун 9 пайызга чыгарып, кайра 7 пайызга түшүрүштү

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарында босого чекти тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Ал бир топ кайым айтышуулар менен коштолгон. Айрым депутаттар босого чекти 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору тармактык комитетте регламентти бузуу менен каралган деп айтып чыгышты.

Мурунку депутат Исхак Масалиевдин айтымында, шайлоо босогосун беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору 6-декабрда берилип, бирок парламенттин төрагасы аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөткөн. Ал эми «жети пайыз»  тууралуу мыйзам долбоору үч күндө комитетке киргизилген.

20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөп жатып, 9%дык босого чекке азырынча саясий партиялар даяр эмес экенин айткан. Исхак Масалиев президенттин ушул билдирүүсүнөн кийин айрым депутаттар тобу босого чекти 7 пайызга түшүрүүнү демилгелеп чыгышканын сындаган.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды түзгөн, 2015-жылы 7 пайызга жогорулатылган. 2017-жылы 9 пайыздык чек кабыл алынган. 18- июнда Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Айеркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия

18-июнда Кытай жараны, Түркияда өлтүрүлгөн уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталды. Бул факты боюнча жалпысынан 5 кылмыш иши ачылган. Кыргызстандан 700 млн доллар эмес, 932 млн доллар чыгарылганы аныкталды. Комиссиянын кортундусунда комиссияга келип түшкөн жана тиешелүү мамлекеттик органдар жиберген документтердин, топтолгон маалыматтардын негизинде «журналисттик иликтөөдө айтылган каражаттын Кыргызстанга тиешеси жок» деген бүтүм чыгарылган.

Ошондой эле, УКМК жана анын эки «күбөсү» журналист Али Токтакуновду маркум Айеркен Саймаитиден акча алгандыгын айтып чыгышкан. Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия 2019-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Парламент Канттагы авибазанын 58 гектар жерин Орусияга убактылуу менчикке берүүгө уруксат берди

11- июнда Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасына 58 гектар жердин убактылуу жеке менчикке берилиши тууралуу мыйзам долбоорун 3 окууда бир кароо менен кабыл алып, 109 депутат колдогон. Аталган долбоордун негизинде авиабазанын учуп-конуу тилкеси Орусиянын эсебинен оңдолгондуктан, жердин үстүндөгү бардык жакшыртуулар келишимдин мөөнөтү бүткөнчө Орусиянын менчиги болуп эсептелинет. Ошол эле учурда ошол бетондун астындагы жер тилкеси Кыргызстандын менчиги болуп эсептелинет. Келишим боюнча ал жакшыртуулар 15 жылдан кийин эч кандай кайтарымсыз Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши керек.

Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө тууралуу мыйзам

22-майда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланган. Угуу коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаалга карабастан талкууланып, ага бир катар укук коргоочулар барып, катыша албай нааразычылыктарын билдирип, Жогорку Кеңештин сыртында акция өткөрүшкөн. Мыйзамдын авторлору өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин онлайн чагылдырып туруучу маалыматтык система иштелип чыгышы керектигин жазышкан. Демилгечи депутат Бактыбек Раимкулов жыл сайын каржылык отчет берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатып, алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылат деп эсептей турганын айткан. Мыйзам долбоору кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын кыргыз өкмөтү аныктаган тийиштүү форма боюнча финансы каражаттарынын булактары жана анын чыгымдары тууралуу отчет берип турушу керек. Көрсөтүлгөн талаптар бузулса, жоопкерчилик каралат.

Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия

2019-жылдын 7-8 –августунда болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына экс-вице-премьер министр Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Комиссия окуяга күбө болгондор жана Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушуп, тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн маалымат алышканын айтышкан. Бирок Атамбаевдин тарапташтары Кой –Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт деп жарыялаган. Мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтарына суроолорду берип жатып, комиссия мүчөлөрү аларга ачык эле кысым жасап, коркутууга аракеттенишкендигин билдиришкен.

Уран кенин казып алууга тыюу салынды

«Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды октябрь соңунда өлкө парламенти кабыл алган. Мыйзам менен уран, торий кендерин чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга, радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө тыюу салынды. 2019-жылы жазда Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө эл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу каршылык болуп, жарандык нааразылык акциялары чыкканда өкмөт уран кендерин иштетүүнү бүт өлкө боюнча токтоткон эле. Жогорку Кеңеш өз кезегинде уран кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алуу демилгесин баштаган.

Парламент мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берди

2017-жылы 16-ноябрында Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизип, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан которууга уруксат берилген. Анда 85 депутаттын 63ү макул болгон. Парламент Суу кодексине киргизилген өзгөртүүнү колдоп бергенде, коомчулукта нааразычылыктар пайда болгон.

Бүгүн, 30-июнда парламенттин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 6-чакырылыштын 7-сессиясынын жабылганын  жарыялады. Сессиялык мезгил ичинде 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алууга жетишишип, жарандардын 15 миң 372 кайрылуусу каралган. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен 29 миңден ашуун жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшкөндүгү да айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM