Биз менен байланышыңыз

«Биздин эркектер аял кадрларды өстүргүсү келбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1494 | 0

Кыргыз эркектери аял кадрларды өстүргүсү келбейт. Мындай пикирин V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эркектер аялдарды курал катары пайдаланып, четке сүрүп чыгарып коюшат да, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашырууну адатка айлантып алат. Саясий кызматтарда аялдарга бөлүнгөн квотаны запас катары пайдаланып коюшууда. Башкача айтканда, шайлоодон кийин аялдар керек болбой калат, тизме үчүн гана керек болот. Бирок тизме түзүп жатканда да татыктууларды алып келишпейт. Болбосо, тажрыйбалуу, бышып-жетилген айымдардын саны көп. Мындай аялдар саясий партиялардын лидерлеринин айтканына көнө бербейт. Лидерлерге башкарууга ыңгайлуу аялдар керек.

Мындан сырткары бир топ мекемелерде кызматкерлердин көпчүлүгүн аялдар түзөт. Анткени алар сабырдуу келип, аз айлыкка да иштей беришет. Облустук, райондук деңгээлдеги жетекчи кызматтарда аялдардын саны өтө төмөн. Маянанын аздыгынан эркектер мамлекеттик кызматта иштөөгө кызыкпайт.

Copyright © 2017 Maral FM