Биз менен байланышыңыз

Нарматова: Бейөкмөт уюмдар көп каражатын бекитип жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 864 | 0

Бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынса, уюмдар ишин токтотсун деген талап коюлбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса бейөкмөт уюмдардын баары каражаттарын кандай пайдаланганы боюнча Юстиция министрлигине жылына бир жолу отчёт берет.

«Демократияга тыюу салган эч ким жок. Жарандык коомго да эч ким чектөө койбойт. Мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар ирээттелип, кайра каттоодон өтөт. Мындан сырткары диний агымдар жана башка уюмдарды ирээтке келип калат. Мамлекеттин жашоосун, саясатын өзгөртүүнү каалаган бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу зарыл. Азыр мамлекетке кыянатчылык кылган бейөкмөт уюмдарга эч ким тыюу салган жок», — дейт Нарматова.

Ал мамлекет бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөгө толук жетишерин белгилейт.

«Алар көп каражатын бекитип жатат. Биздин максат — көмүскөдөгү каражатты ачыкка чыгаруу. Бейөкмөт уюмдар түрдүү тармактарды карап чыгып, жазган долбоорунун негизинде чет өлкөлөрдөн каражат алат. Мындай уюмдар баардык тармакта иштеп жатканын эч ким жокко чыгарбайт. Алсак, АРИС таза суу чыгарып иштеп жатат», — дейт экс-депутат.

Нарматова буга кошумча, коңшу мамлекетке мсалыштырмалуу Кыргызстанда аяллар эркин экенин, алардын укуктары тебеленбегенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM