Биз менен байланышыңыз

Алмамбет Матубраимов: Акимдерди ротациялоодон эч нерсе өзгөрбөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2021 | 1410 | 0

Райондорду өнүктүрүүдө жалгыз ротация эч нерсени чечпейт. Мындай пикирин экс- премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жер-жерлерде жетекчилерди ротациялоо буга чейин да болуп келген, ал — керек нерсе. Биринчиден, бир райондо мыкты жетишкендиктерге жеткен аким башка районго келсе, кемчиликтерин көрүп, жаңыланууга алып барат. Экинчиден, акимдердин жер которушу жоопкерчилигин күчөтүп, сүрдөтүп, кызматташтыкты өзгөртөт. Бирок азыркы тапта ротациялоо чоң өзгөрүүгө, жетишкендиктерге алып келет деп айтуу кыйын. Анын бир нече себеби бар.

«Анткени бизде кадр тандоо, даярдоо деген жок. Кээ бир балдар мыкты интеллектуал болсо да, башкаруучулук жөндөмү жок болот. Кадр дайындоодо да кайсы кадрды кайсы жерге дайындоону мыкты түшүнүү керек.

Экинчиден, мыкты кадрды алып келгенде деле 6 айга жетип-жетпей алмаштырып ийишет. Ал районду өздөштүрмөк тургай, аппараттын ким экенин, ошол жерде иштеп жаткан кызматкерлер кандай деңгээлде экенин билүүгө үлгүрбөгөн бойдон кете берет. 

Үчүнчүдөн, райондун кадрларын, жетекчилигин аттестация кылгандан эчтеке өзгөрбөйт. Анткени бизде бюджеттик камсыздандыруу өтө начар. Эгер районго келген жетекчинин эч мүмкүнчүлүгү болбосо, ал кантип районду алдыга чыгарат?

Төртүнчүдөн, бюджетти каржылаганда райондун жетекчилигине, анын аппаратына айлыктан башка эчтеке эчтеке бөлүнбөйт.  Ал тургай облустук жетекчилерге 500 миң сомдук кошумча акча бөлүнөт.  500 миң сом бир облусту карап чыгууга өтө аз. Ошондуктан мүмкүнчүлүк түзүүдө дүйнө жүзүндөгү системага келишибиз керек. Ылдыйдан жогору гана бюджеттик каржылоону беришибиз керек. Бизде азыр тескерисинче, жогору жактан каржылоо берип жатабыз. Бөлүп келип туруп, социалдык жактан биринчи иретте камсыз кыла турган акчаны беребиз, калганы болсо берилет, болбосо жок. Бирок район жетекчилигинен «бардык кемчиликти оңдо, жаса» деп  талап кылып жатабыз. Бул талап –негизсиз», — дейт экс-премьер-министр.

Анын айтымында, бул иштерден жыйынтык болушун кааласак, өлкөдө административдик-территориялык реформа жасоо керек.

Copyright © 2017 Maral FM