Биз менен байланышыңыз

«Назарбаев мезгилдин чакырыгына жараша чечим чыгарды»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 816 | 0

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев мезгилдин чакырыгына жараша чечим чыгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Назарбаев дүйнөнүн чакырыгына жооп катары өлкөнүн ички жана тышкы саясатын ордуна койгон соң кезекти кийинки муунга өткөрүп берди.

«Кызыгы, Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында кечки саат 19:00дө кайрылуу жасады. Ар бир өзгөрүүдө ич ара тирешүү орун алат. Назарбаевдин кетишинде да талашуу болот. Казакстандын башына ким келсе да, кыргыз-казак эл табышып алат, карым катышын үзбөйт», — дейт Матубраимов.

Анын баамында, Казакстанда өзүнчө өсүп калган элита бар.

«Назарбаев өлкөнүн келечектеги элитасын даярдады. Башкача айтканда, бардык кадрларга бирдей карады. Жеке көз карашынан улам эч кимди кызматынан  алган жок. Назарбаев бардык казак элине жакпашы мүмкүн. Бирок ар дайым Казакстандын кызыкчылыгын коргоду. Ал бардык жагынан тең салмакты сактап келди», — дейт Матубраимов.

Ал буга кошумча, Назарбаевдин СССРдин түптөлүшүнө жана Борбор Азияда көз карандысыз мамлекттердин жаралышына чоң салымы бар экенин белгиледи.

Эске салсак, Назарбаев 19-мартта калкка кайрылуу жасап, отставкага кеткен. Ал Казакстанды 1990-жылдан бери башкарып келген.

Copyright © 2017 Maral FM