Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 911 | 0

«Казакстандын борбору — Нур-Султан» («Qazaqstannyń astanasy — Nur-Sultan») аталышындагы коллекциялык тыйын чыгарылды. Анын бетине аталган өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн.

Жергиликтүү булактар жазгандай, бул тыйын 1000 теңгеге бааланган. Ал 925/1000 пробасындагы 46,2 грамм күмүштөн жана 999/1000 пробасындагы 16 грамм алтындан жасалган. Тыйындын диаметри — 50 миллиметр. Тиражы — 1 000 даана.

Казакстанда чыгарылган бул тыйындар өлкө аймагында пайдаланууга жарактуу.

Copyright © 2017 Maral FM