Биз менен байланышыңыз

Казакстан Токаевди өлтүрүүгө камынган чет элдик чалгынчынын кармалгандыгын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2022 | 1725 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин өмүрүнө кол салууну көздөгөн «чет элдик чалгынчыны» кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети (УКК) билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ал президенттин өмүрүнө кол салуудан тышкары, өлкөнүн атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы теракттарды жасоо менен айрым жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу аракетин пландаган.

Ал 25-мартта Нур-Султан шаарында кармалган.

Тинтүү учурунда снайпердик мылтык, баңгизат жана ири суммадагы акча табылып, алынган. Куралдар Казакстанга бир нече бөлүккө бөлүнүп алынып келинген деп белгилейт Казакстандын атайын кызматы.

Ошондой эле ага Казакстанда Орусияга каршы пропаганда жүргүзүү, социалдык тармак аркылуу коомчулукка русофобия жаратуу милдети жүктөлгөн.

Кармалган адам «чет мамлекеттин көрсөтмөсү жана кызыкчылыгы үчүн» комитеттин тизмеси боюнча жасаган аракеттерин мойнуна алган.

Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 255-бересинин (террордук акт) 1-бөлүгү менен иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM