Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Казакстандан 12 миң тонна буудай сатып алууга даяр

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 2235 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады.

Тараптар экономикалык, логистикалык, транспорттук, вегетациялык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду илгерилетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоону макулдашты.

Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады, буга катар казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирди, ошондой эле кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ошондой эле казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берери белгиленди.

Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Аскар Мамин казакстандык ишкерлер Кыргыз экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстанда аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планын («Жол картасы»), ошондой эле 2022-жылдын февраль айында ишке киргизүү пландалып жаткан «Ак-Тилек» жана «Карасу» өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү маселесин талкуулады.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, келечекте аны 2 млрд долларга дейре көтөрүү сунушталууда.

Copyright © 2017 Maral FM