Connect with us

Онлайн окутууну дагы да өнүктүрүү зарыл

Билим-маданият | 5 Окт 2022 | 2704 | 0

Бүгүн Бишкек шаарында “Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында Монголия, Казакстан жана Кыргызстандын билим берүү тармагынын кызмтакерлери катышкан конференция болуп өттү.

Иш чарага мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучу, профессорлору, коңшу өлкөлөрдүн билим берүү министрлигинин кызматкерлери катышып, онлайн билим берүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды.

Аталган конференциянын уюштуруучулары жеткиликтүү билим берүү үчүн аралыктан окутууну жакшыртуу жана онлайн билим берүүдө коңшу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу максатында узак убакыттан бери пландалып келгенин айтат. Бишкек гуманитардык университетинин окутуучусу, иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Гульнара Батаканова буларга токтолду.

«Бүгүнкү болуп жаткан иш-чарада азыркы учурдагы актуалдуу маселелер көтөрүлүп жатат. Казакстанда кандай жетишкендиктер, Кыргызстанда кандай жетишкендиктер болуп жатат, кандай кемчиликтер бар, ушул тууралуу кенен сүйлөшүү болуп жатат. Азыр байкашыбызча, Монголия санариптик билим берүүдө кыйла алдыга жылыптыр. Бул иш-чаранын максаты — санарип билим берүүдө тажрыйба алмашып, өнүктүрүү», — дейт уюштуруучу.

Бул жыйында коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын мугалимдери келип, алар да учурдагы билим берүүдө колдонгон заманбап усулдары менен бөлүштү.
Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов коңшу өлкөдөгү онлайн окутуунун азыркы абалын айтып, пандемия мезгилинде топтогон тажрыйба менен алдыда дагы онлайн окутууну калыптандыруу керек экенин белгиледи. Ал өткөн апааттагы кырдаалда Кыргызстан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу онлайн билим берүүнү жеткиликтүү колго ала алгандыгына токтолду.

«Онлайн билим берүүдө Казакстанда алгылыктуу иштер болду. Бирок, менимче, коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга караганда Кыргызстан ошол кездеги жетекчилердин салымы менен онлайн окутууда көп иштерди кылды. Мисалы, Тажикстан такыр эле онлайн окуткан жок, каникулга чыгып кетти дагы, кайра сентябрда окуп башташты».

Шаматовдун айтымында, өзү сабак берген университетте магистранттар үчүн гибриддик билим берүү программасы бар. Анда мектепте иштеп жаткан мугалим бир убакта магистрдик билимин алууга жана жумушун алып кетүүгө жетишет.

«Биз аралыктан окутуу дебейбиз, Blanded деп коет. Бул гибриддик форма. Анда мектептерде иштеген магистранттар жылына бир жолу каникул учурунда үч жумага Назарбаев университетине келип, окуп кетишет. Андан сырткары иштеп жаткан учурунда деле дистанттык тапшырмаларды алып, билим ала беришет. Бул эмне үчүн ыңгайлуу? Себеби, чет өлкөдө же алыскы аймактарда жашаган магистранттар үй бүлөсү, бала-чакасы болушу мүмкүн, алар шартына жараша Астанага туруктуу көчүп баралбайт. Болгону бир жылда каникул учурунда үч жумага келип, билим алып кетишет. Мындай программага Казакстанда талап аябай жогору. Ушул нерсени Кыргызстанда да кылса жакшы болот деп ойлойм», — дейт Шаматов.

Санариптик билим берүү багытында Кыргызстан да артта калган жок. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даядроо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов мугалимдерди санарип билим берүүгө даярдоо тууралуу презентация жасап, институттун иши менен тааныштырды.

Ал мамлекет тарабынан мугалимдерге өзгөчө көңүл бөлүнүп жактанын айтып, аны айлыктарынын жогорулаганы жана алардын квалификациясын жогорулатуудагы иштердин өсүшү менен байланыштырды. Токтомаметов мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгүн өстүрүү учурдун талабы экендигин белгилейт.

«Бүгүнкү конференция мугалимдин санариптик компетенттүүлүгүн арттыруу багытына арналып жатат. Бул — ар бир мугалим сөзсүз ээ боло турган компетенттүүлүк. Эгерде ал жок болсо, анда балдар менен иштешүү кыйын. Себеби, бул тармакта балдар бир топ алдыда, эгерде ИКТ компетенттүүлүгү жок болсо алар мугалимди тоготпойт, — дейт директор.

Токтомаметов шартына байланыштуу мектепке бара албай жаткан окуучулар үчүн мамлекет онлайн билим берген мектеп ишке киргизе турганын да кошумчалады. Ал мектепте чет өлкөдө жүргөн же ден-соолугуна байланыштуу үйүнөн чыгалбаган окуучулар билим ала алышат.

Бул иш-чарага аймактардан келген мугалимдер да катышты. Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы мектеп-гимназиянын жетекчиси Нурдан Эшимканов конференцияга атайы айылдан келгенин айтат. Ал өлкөнүн айрым ааймактарында интернет жетишпегендиктен онлайн билим берүүдө кыйынчылыктар болуп келгенине токтолду.

«Алыскы аймактарда онлайн билим берүү телевизор аркылуу видеосабактар болгону менен, кээ бир жерлерде интернет жетишпей калган учурлар бар, алар кененирээк билим ала албай калышкан. Биз бардык балдарды эске алышыбыз керек, кээ бир балдар шартына байланыштуу үйүнөн чыгалбай калышы мүмкүн, ошолорго да билим алуу жеткиликтүү болушу үчүн биз онлайн форматты да офлайн форматтай эске алышыбыз керек», — дейт жаш жетекчи.

Кыргызстанда бүгүн мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Өлкө башчы Садыр Жапаров окутуучулардын кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнү өнүктүрүүдө мугалимдердин салымы зор экенин белгилеген.

Кыргызстанда жалпы 2 миңден ашуун мектеп жана 80 минден ашык мугалим иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM