Мугалим ар тараптан жетилген толук кандуу инсанды кантип калыптандырат? (5-бөлүк)
(Маектин башы өткөн сандарда)
Кыргызстанда мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатат. Бул чечим өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт. Кыргызстандын агартуу тармагына көп жылдык ак эмгегин өтөгөн, гумандуу педагогиканын жактоочусу, автордук гимназия мектебинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов менен кыргыз педагогикасын эл аралык деңгээлде таанытууга жан үрөгөн, жаштардын акыл-эстүү, билимдүү болушуна салым кошуп жаткан PhD доктору, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун маегин сиздерге сунуштайбыз.
Д.Ш: Агай, мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоонун зарылдыгы эмнеде? Кантип баалоо керек? Баалабай койсо болбойбу?
О.С: Дүйшөн, мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоо өтө зарыл. Анткени, мугалимдин ишмердүүлүгүнүн бүгүнкү абалын билип, ийгиликтерди жана көйгөйлөрдү, анын келип чыгуу себептерин аныктап, мугалимдин кайсы ийгилигин салт катары өнүктүрүүнү, кайсы көйгөйүн чечүүнү, эмнени өзгөртүү зарыл экенин билбей, келечек максатты жана милдетти тактабай туруп, мугалимдердин ишмердүүлүгүн жакшырта албайбыз. Биз эң башкысы мугалимдин ишинин түпкү натыйжасын жана сапатын баалашыбыз керек. Бардык ишибиз натыйжалуулукка жана сапатка багытталышы зарыл. Туура баалоо — өнүктүрүүнүн таяныч чекитин табуу. Таяныч чекитти билүү — бул өнүгүүгө жол табуу.
Д.Ш: Кыргызстандын системасында мугалимдердин ишмердүүлүгү кандайча бааланып келүүдө? Ушул убакка чейинки баалоонун, сиздин оюңузча, артыкчылыктары, кемчиликтери эмнеде?
О.С: Мен билгенден, СССРдин учурунда деле мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоо боюнча эң сонун жоболор, нускамалар, көрсөтмөлөр жана тажрыйбалар бар эле. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда билим берүү өтө саясатташып кеткендиктен, ал жоболор, көрсөтмөлөр, нускамалар сөз боюнча калып, иш жүзүндө башка нукка түшүп кеткен. Мектептин, анын ичинен мугалимдердин ишмердүүлүгүн 1970-1980-жылдардан бери эле облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрү, инспектордук текшерүү аркылуу баалап келишүүдө. Алардын мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоодогу максаты — мугалимдердин ишиндеги кемчиликтерди аныктоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу болгон. Мектепке жогортон барган эле текшерүүчүлөр, а дегенде эле, ишин кемчиликтерди издөөдөн баштоочу. Райондук билим берүү бөлүмүнүн кеңешмелеринде (коллегаларында) да мектептин, андагы мугалимдердин кемчилигине көп басым жасап, машырланып угуп, алардан сураган болуп, жеке инсандык сапатына чейин асылып, жоопкерчиликке жана жазага тартышчу эле. Эл мугалими Бектур Исаков “Окутуп тарбиялайлы” деген эмгегинде ошол учурдагы мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоого карата: “Бул учурдагы баалоо “Плакаттык педагогикага”, башкача айтканда, жасалмалуулукка, формализмге, кошуп жазууга, проценттүүлүккө жана жасалгага негизделген баалоо”, — деген оюн билгизген. Бул процесс азыркы убакка чейин өз таасирин жоготпой келүүдө. Жакынкы эле жылдарда мектептерде инспектордук текшерүү келип, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясына даярдайт экен дегенде бир жылда жазбаган иш кагаздарды бири-биринен көчүрүп жазышып, педагогикалык сандыкчаларын башка мектепте иштеген тааныш мугалимдерден алып толукташып, окуучулар албаган бааларды, өтүлбөгөн темаларды журналга толтуруп чыгышканын, мектебинин бош жерин койбой, колуна тийген ар нерсени чаптап жасалгалашканына күбө болгонбуз. “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактарында мугалимдин ишмердигинин сапаты жана түпкү натыйжасына баа берилбестен, билим берүүнүн борбору — баланын өнүгүүсүнө кылган кызматынын сапатына жана натыйжасына баа бербестен, сырткы формасына, жасалгасына, көркөм чеберчилигине, оюн-шоок программаларын аткаруу чеберчилигине карап баалашкан. Мугалимдин окуу жылы ичиндеги ишмердүүлүгүнүн чыныгы сапаты жана натыйжалуулугуна карап бааланбагандыктан, жогорудагыдай баалоо иш-чаралары мугалимдерге чыгармачылык дем бербестен, тескерисинче, көңүлдөрүн чөктүрүп, педагогикалык кесипке оңой-олтоң, жеңил-желпи иш катары кароого көнүктүрүшкөн,өсүп-өнүгүүнү токтотуп, чыгармачылыкка жана жаратмандыкка бөгөт болгон. Көпчүлүк өзүн көтөрө чалбаган, өзүн-өзү көрсөтүүдөн тартынган мыкты мугалимдердин эмгеги бааланбастан көмүскөдө калып, көңүл калууну, иренжүүнү пайда кылган.
Д.Ш: Агай, сиздин билим берүү системасы менен таанышып келүү максатында Финляндияга барып келгениңиз тууралуу уктум эле. Ал өлкөдөгү мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоого кызыктыңызбы?
О.С: Албетте. Аларда мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча көз карандысыз уюмдар тарабынан жылына бир жолу окуу жылынын аягында мониторинг жүргүзүп баалап, мектептердин жана предмет мугалимдеринин рейтингин чыгарып, ал рейтингдин тизмеси бүткүл өлкөдөгү муниципалитеттерге чейин таркатылат экен. Өлкө боюнча кайсы мектептер мыкты, кайсы мектепте кандай мыкты мугалимдер бар бардык элге белгилүү болот. Ата-энелер келерки окуу жылына мектептерди тандоону ошол рейтингден билип, каалоолорун ишке ашырышат. Алардын билим берүүдөгү максаты бардык балдарга бирдей сапаттуу билим алууга шарт түзүү болгондуктан, биздегидей жөнөкөй жана элиталык мектептер деп бөлбөгөндүктөн бардык мугалимдердин ишмердүүлүгүнө бирдей баа беришет.
Финляндиядагы биз ала турган дагы бир баалуулук ата-энелердин мугалимдердин сапатына кызыктар эле болуп калбастан, ошол сапатка мугалимдерди жеткирүүгө, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө далалаттанып, иш жүзүндө колдоп, шарт түзүп берүүсү болду. Алар мектебинин, андагы предмет мугалимдеринин рейтинги менен таанышып, төмөн болуп калуунун себептерин мектеп жетекчилери, предмет мугалимдери менен талкуулап, талдап, кеңешип, мектептин ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп-өстүрүү боюнча өз сунуштарын беришип, колдоолорун билгизишип, ал тургай кайсы предмет боюнча дүйнөдө кайсы өлкөдө мыкты мугалим бар экендиги жөнүндө маалымдашат экен. 2016-жылы эле 50 предмет мугалимин ата-энелер каржылап Ленинграддан, Москвадан, Кытай, Япониядан физика, химия, биология, математика, информатика преметинен мугалимдерди адистик билимин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча окуулардан өткөрүшкөнүн жолугушуу учурунда айтышты. Ошондой эле мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча көз карандысыз эксперттердин баалоосунда төмөнкү рейтингге жайгашып, бирок ата-энелердин колдоосу менен адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну каалабаган предмет мугалимдерине ата-энелер ишенбөөчүлүк көрсөтүп, балдарын ал мугалимге окутпоо боюнча мектеп жетекчисине билдиришкенин да айтышты.
Д.Ш: Агай, республикабызда мугалимдердин билим сапатынын жана кесиптик чеберчилигинин деңгээлинин жогорулатуунун жолу катары мугалимдерди аттестациялоо киргизилип, кайра токтотулуп, эми кайра киргизилип жатат. Ал ортодо 2013 — жылы “Жан башына каржылоо киргизиле” калды. Ушул маселелерге сиз кандай карайсыз?
О.С: Совет мезгилинде эле (1990-жылдарда болсо керек) мугалимдердин ишмердүүлүгүн аттестациялоо киргизилип, аны баалоо укугу мектептин өзүндө түзүлгөн аттестациялоо комиссиясына берилди. Алгачкы жылдары көпчүлүк мектептерде бул оң натыйжасын берди. Бул демократиянын мектепке берген эң чоң белеги эле. Бирок авторитардык башкаруу ыкмасына көнүп калган мектеп жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, ал тургай катардагы кызматкерлери да мектептеги аттестациялык комиссиянын ишине кийлигише баштады. Республикабызда “жогорку”, “биринчи”, “экинчи” категориядагы мугалимдер кескин көбөйүп кетти да, сапат тескерисинче, төмөндөй баштады. Ушул жагдай эске алынып, совет мезгилинен бери келаткан мугалимдердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо системасы натыйжа берген жок деген негиз менен 2011-жылы алынып салынган. Ошентип мугалимдердин эмгек акысын категорияга жараша каржылоо токтотулду да, 2013-жылдан баштап жан башына каржылоо киргизилди. Аны менен кошо мугалимдердин жалпы эмгек акысынын 20% өлчөмүнө ылайык дем берүүчү грант ар бир мектепке бөлүндү. Гранттын эсебинен эмгекке катышуу коэффисиентине ылайык айрым мугалимдерге кошумча эмгек акы төлөнүп бериле баштаган. Эмгекке катышуу коэффисиентин предметтик усулдук бирикмелердин баалоосуна негизденип, мектептин эксперттик кеңеши аныктоочу, башкача айтканда, мугалимдин эмгегин мектеп өзү баалоо укугуна ээ болгон каржылоонун жаңы механизми киргизилди. Чындыгында, “жан башына каржылоо” моделинде коррупцияга белчесинен баткан билим берүү системабызды түп-тамырынан жакшы жагына өзгөртө алган мыкты идеялар арбын эле. Кыргызстанда мугалимдер буга чейин эмгек акысын классындагы окуучуларынын санына карап эмес, мугалимдин жума ичинде окуткан сабактарынын санына карап алып жүрүшкөн. Жан башына каржылоо киргенден кийин мектепке акча билим берүү жараянындагы башкы фигура — окуучу балага кызмат көрсөтүү үчүн бериле баштады, мугалимдин ишке болгон жоопкерчилиги арткан, ар бир мектеп өзү рентабелдүүлүккө умтулган, предметтик сабактардын саны кыскарып, окуучулардын окуу жүктөмү азая баштаган, бөлүнгөн акчага коомдук көзөмөл күчөгөн. Тилекке каршы бул система да толук ишке ашпады.
Д.Ш: Мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн максаты эмнеде?
О.С: Ал эми азыр Доктуркул Кендирбаева Билим берүү жана илим министрине келген күндөн баштап, мугалимдерди аттестациядан өткөрүү маселеси кайрадан жандана баштады. Мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн максаты — мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу, алардын педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин максаттуу жогорулатууга, кесиптик жана жеке өсүшүнө дем берүү болуп саналат. Максатына карап эле мугалимдерди аттестациялоонун билим берүүнү жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенсек болот. Мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн жобосуна ылайык мугалимдердин ишмердүүлүгүн мектеп жетекчиси тарабынан түзүлгөн комиссия аныктайт . Менин оюмча, мектепке мугалимдин ишмердүүлүгүн мектеп өзү баалаганга ишеничтин берилиши тура. Маселе, мектеп да, райондук билим берүү бөлүмү да, квалификациялык тестирлөөгө жооптуулар да мурдагы каталыкка жол бербей, чынчылдык жана акыйкаттык менен адилет баалоого аттестациялык комиссия үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү тийиш.
Д.Ш: Агай, көп жылдык мектеп жетекчилик тажрыйбаңызда мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоо системасына сиз кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүүгө аракеттендиңизби?
О.С: Ооба. Мен 1978-жылдын 15-сентябрынан баштап Кара-Кулжа районундагы Терек айылындагы Жданов атындагы орто мектепке директор болуп иштей баштадым. Алгач ата-энелердин мугалимдерге, мугалимдердин ата-энелерге, окуучулардын мугалимдерге жана окууга мамилелерин билүү максатында анкеталык жол менен баалоо жүргүздүм, “Мектеп ата-энелердин жана коомчулуктун көзү менен” деген темада аңгемелештим, мектептин өткөн окуу жылынын, жаңы окуу жылынын 1-2- чейрегинин жыйынтыгы боюнча сандык жана сапаттык баалоо жүргүздүк. Мугалимдердин сабагына мектеп жетекчилери үзгүлтүксүз катышып, баалап жаттык. Өзүм баш болуп, бүт мектеп жетекчилери төмөндөгү багыттарда жакшы эле баалоо ишин жүргүзгөндөй болдук:
- Мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунун сапатын;
- Окуучулардын окуудагы ийгилиги үчүн шарттарды жана ресурстарды түзүү боюнча мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын;
- Кесиптик коомдо жогорку деңгээлдеги сапаттагы билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу багытында.
Бирок жүргүзүлгөн иштерден көп деле майнап чыкпады. Мен райондук билим берүү бөлүмүнүн инспекторлорунун жана мектеп жетекчилеринин мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун баалоо мугалимде өзгөрүүнү, өнүгүүнү, жаңыланууну ойдогудай жарата албастыгына ишендим. Мен мугалимдин ички мүмкүнчүлүктөрүн, күчтөрүн, башкача айтканда, сезимин, ойломун, көз карашын, пикирин, балага мамилесин өзгөртүүгө, жаңылоого түрткү берүүчү баалоону издөөнү чечтим, бул ишке мектеп жетекчилеринен тышкары дагы иш тажрыйбасы мол, лидерлик сапатка эгедер айрым мугалимдерди да тарттым. Акыры жамаат менен макулдашып, кеңешип, мугалимдин өзүнүн ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өзүнө көзөмөлдөтүп, баалатып — ишеним менен иштөөгө өтүүнү чечтик. Көзөмөлдүн ордуна жалпы жетекчиликти, башкача айтканда, мугалимдеги ийгиликтин жылт эткен учкунун таап, аны жардам берип тутантып, колдоо көрсөтүү менен алоолонтуп күйгүзүп, кесиптик чеберчилигин өстүрүп, чыгармачылык жана жаратмандык жөндөмүн өнүктүрүп, алдынкы тажрыйбасын жайылтып иштөөнү туура деп таптык.
Д.Ш: Мугалимдердин ишинин сапатын жана натыйжалуулугун өзүн-өзү баалап, ишеним менен иштөөсүн кантип ишке ашырдыңыздар?
О.С: Педагогикалык кеңешмеде “Мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжасын өзүн-өзү баалоонун Жобосун” иштеп чыктык. Ал Жободо өзүн-өзү баалоонун параметрлери, критерийлери, ишке ашыруунун жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Маселен, өзүн-өзү баалоо төмөндөгүдөй параметрлерден турду:
- Мектептин ишин пландаштыруунун сапаты (натыйжасы-максатын, милдетин, көрсөткүчүн, күтүлүүчү натыйжасын, ишке ашыруунун жолун аныктоосу, өзүн-өзү баалоосу);
- Окутуу-тарбиялоо ишмердигин ишке ашыруунун сапаты (ишинин натыйжасы — окуучулардын билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим, билгичтик, көндүмдөрүн өнүктүрүп, негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ кылып, бүтүрүүчүлөргө келечекте ийгиликтүү жашоо жолун ачуусу);
3.Педагогдордун жана класс жетекчилердин тарбиялоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн сапаты (ишинин натыйжасы — мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн баалуулук максаттарга, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн (башталгыч, негизги, жалпы) моделине багытталган окуучунун жеке мүнөзүнүн, жалпылап айтканда, толук кандуу инсандын калыптанышын касыз кылат);
- Кесиптик жана педагогикалык чеберчилигин жогорулатуусунун сапаты (натыйжасы — окуткан предмети боюнча билимин жана педагогикалык чеберчилигин үзгүлтүксүз жаңылап, жаңылык киргизип, жаңы тажрыйбаларды өздөштүрүп турат);
- Педагогикалык этикасынын деңгээли, гумандуулугу (натыйжасы — педагогдун этикасын, педагогикалык тактиканы так сактайт, бардык адамдарга, анын ичинен окуучуларга маданияттуу, гумандуу мамиле жасайт, байланыша жана кызматташа билет);
- Турмуштук активдүү позициясы жана коомдук активдүүлүгү (натыйжасы — мектептин бүгүнкү жана келечектеги тагдырына кайдыгер карабайт, аны өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрүп, баалуу сунуштарды киргизип, омоктуу ойлорун ортого салып, ар бир ишке аналитикалык көз караш менен карап, каталыктардын бетин өз убагында ачып, жакшыртуу боюнча сунуштарын айтып турат);
7.Жамаат менен өз ара кызматташуусунун сапаты (натыйжасы — жамааттагы орду жана кадыр-баркы, бедели, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүсү);
8.Окуучуларды окутуу, өнүктүрүү, тарбиялоонун психологиясын, гигиенасын жана физиологиясын билүүсү жана педагогикалык ишмердүүлүгүндө натыйжалуу пайдалануусу (натыйжасы — баланын экологиясын сактайт, сезим жана дене күчүн өстүрүүгө жагымдуу чөйрө түзөт);
- Педагогикалык анализ усулун пайдалануу чеберчилиги жана билим сапаты, компетенттүүлүгү (натыйжасы — күн сайын өзүнүн педагогикалык ишмердигин өзү анализдеп, өзү баа берет. Кемчиликтерин, каталыктарын, мүчүлүштүктөрүн жана ийгиликтерин тизмелеп жазып чыгат. Көйгөйлөрдү жана анын келип чыгуу себептерин аныктайт. Жакшыртуунун планын иштеп чыгат.);
- Коомчулук жана ата-энелер менен кызматташтыгынын сапаты (натыйжа — баланы толук кандуу инсан кылып калыптандырууда, алардын жөндөм, шык, талантынын өсүшүнө, кызыгуусунун, каалоосунун, керектөөсүнүн, муктаждыгынын канааттандырылышына, келечек кесибин тандоосуна биргелешип шарт түзүү);
- Ишинин сапаты жана натыйжалуулугуна талдоо, изилдөө жүргүзө билүүсү (натыйжасы — балдардын окуудагы, тарбиясындагы жана өнүгүүсүндөгү жетишкендигинин деңгээлинин жогорулашы, интеллектуалдык, маданий- руханий, адеп-ахлактык жактан өсүшү, эл арасында мектептин жана мугалимдердин кадыр-баркынын, беделинин өсүшү).
Ушул 11 параметр боюнча мугалимдер өзүнүн ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өздөрү баалашты. Ал төмөндөгүдөй ишке ашты: алгач, “Мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжасын баалоонун критерийи” өзүн-өзү баалоо үчүн бардык мугалимдерге таркатылып берилди. Мугалимдер өздөрү ар бир параметрге өзүнүн төмөндөгүдөй шарттуу белги менен упайын коюп чыгышты:
- “Жылдызча” — эң жакшы өздөштүрөм, иш тажрыйбамда ийгиликтүү пайдаланып, мектепте эң жогорку натыйжаны жана сапатты системалуу камсыз кылуудамын, иш тажрыйбам жайылтылууда — 5 упай.
- “Айлана”- жакшы өздөштүрөм, тажрыйбамда натыйжалуу пайдаланам, негизинен жыл сайын системалуу түрдө жакшы сапатка жана натыйжага жетишүүдөмүн. Айрым параметрлер боюнча иш тажрыйбам соцтармактарда жайылтылууда — 4 упай.
- “Тегерек” — бул параметр менен жаңы тааныштым, иш тажрыйбамда жаңыдан киргизип жатам, системалуу түрдө сапатты жана натыйжалуулукту камсыз кылууда кыйынчылык сезүүдөмүн — 3 упай.
- “Үч бурчтук” — үстүртөн маалыматым бар, иш тажрыйбамда пайдалана элекмин, сапатты жана натыйжаны камсыз кылууда ар тараптуу жардамга муктажмын — 2 упай.
Өзүн-өзү баалоо баракчадагы ар бир параметр боюнча өздөрү баалап, колдорун коюп, предметтик усулдук бирикменин башчысына тапшырышты. Усулдук бирикмеде ар бир параметр боюнча өздөрү койгон баа менен таанышып, негиздүүлөрүн өзгөртүүсүз калтырат. Ал эми негизсиз дегендерине өзгөртүү киргизип колдорун коюп, жалпы мектептик эксперттик-баалоо кеңешине тапшырат. Жалпы мектептик эксперттик — баалоо кеңеши ар бир мугалимдин өзүн-өзү баалоо баракчасы менен таанышып, негиздүүлөрүн өзгөртүүсүз калтырып, негизсиздерине өзгөртүү киргизип, Жыйынтыктоочу өзүн-өнү баалоо картасын түзүшүп, Картадагы жалпы упайына карап төмөндөгүдөй топторго бөлүү тууралуу чечим кабыл алышат:
- Адистик жана кесиптик компетенттүүлүк деңгээли эң жогору — толук ишеним берилсин, тажрыйбасы жайылтылсын;
- Адистик жана кесиптик компетенттүүлүк деңгээли жогору — көпчүлүк параметрлер боюнча ишеним берилсин, айрым параметрлер боюнча иш тажрыйбасы үйрөнүлсүн;
- Адистик жана кесиптик компетенттүүлүк деңгээли канааттандырарлык — көпчүлүк параметрлер боюнча жардамга жана колдоого муктаж;
- Адистик жана кесиптик компетенттүүлүк деңгээли төмөн — бардык параметрлер боюнча жардамга жана колдоого муктаж.
Өзүн-өзү баалоонун жыйынтык картасынын негизинде мугалимдердин адистик жана кесиптик компетенттүүлүктөрүн өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча жалпы, топто жана жекече иштөөнүн планын түздүк. План боюнча иш үзгүлтүксүз улана берет. Эгерде мугалим өзүн-өзү баалоо баракчасындагы кээ бир параметрлер боюнча ишмердүүлүгүн жакшыртса, ал параметр боюнча предметтик усулдук бирикменин же мектептик эксперттик-баалоо кеңешинин алдында презентациялап, баасын оң жакка өзгөртө алат. Айрым учурда, кээ бир мугалимдер ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жүйөөсүз себептер менен төмөндөтүп жиберсе, иши предметтик усулдук бирикмеде же эксперттик-баалоо кеңешинде терең талдоо жүргүзүлүп, ошол параметр боюнча баасы төмөндөтүлөт. Ошентип, сапатты жана натыйжалуулукту арттыруу боюнча иш системалуу жүрөт.
Д.Ш: Мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өзүн-өзү баалоого мугалимдердин пикири кандай болду? Өзүн-өзү баалоонун терс жана оң жактарына да токтоло кетсеңиз?
О.С: Мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өзүн-өзү баалоодо төмөндөгүдөй кыйынчылыктар болду:
- Мурда бир-эки мектеп жетекчилеринин баалоосуна көнүп, аны кыйшаюсуз кабыл алып жүргөн, өзүнүн ишине талдоо жүргүзүп, жыйынтыктап көнбөгөн мугалимдер өзүн -өзү баалоодон кыйналышты. Айрымдары өзүн ашыкча көтөрүп бааласа, айрымдары жупунулук кылып, өзүн басаңдатып баалады.
- Мектеп жетекчилеринен да авторитардык ыкмага көнүп алгандары мугалимдердин ишинин сапатын баалоо боюнча кызматтык милдетин бөлүштүргүсү келбеди. Айрым мугалимдер өзүн-өзү баалоо мугалим үчүн ашыкча жүк деп да чыгышты.
- Предметтик усулдук бирикменин, мектептин эксперттик баалоо кеңешинин айрым мүчөлөрү кесиптештеринин өзүн-өзү баалоо баракчасына өздөрүнүн пикирин билгизүүдөн “жаман көрүнүп калабыз, жамаат ичинде карама-каршылык чыгат, биз киришпей эле коёлу, жетекчилер эле бааласын, алар милдеттүү да” дегендери да болду.
Д.Ш: Агай мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өзүн-өзү баалоонун кандай артыкчылыктары бар?
О.С: Мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өзүн-өзү баалоонун төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар:
- Мугалимдер өзүнүн ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун өзү талдап, иштеги көйгөйлөрүн өзү аныктап, кемчиликтерин, каталарын өзү таап, аны четтетүүнүн жолун өзү издеп, аны кимдер менен биргелешип чечүүнү пландап, сапатка жана натыйжалуулукка жоопкерчиликти өзү алганы эң чоң жетишкендик болду.
- Баалоодогу формализм, жасалмалуулук, алакчылоо, жамаатты өзүм — жатым деп бөлүү жоголду.
- Бардык жамаат: “Кыргызстандын келечегине кепил болуп бере ала турган, толук кандуу инсанды калыптандыруу баарбыздын ыйык парзыбыз, бетке айткандын заары жок, чындык, адилеттик, акыйкаттык жолдон кайтпайбыз, туура сөздө — тууган жок” дешип бири-биринин ишмердүүлүгүн адилет баалоону чечишти.
- Мугалимдер өзүн-өзү көзөмөлдөөгө, күн сайынкы ишинин баланын өсүшүнө оң жана терс таасирин өзү аныктоого, ийгилигин салт катары пайдаланууга, каталарын четтетүүгө үйрөнүштү. Ар бир баланын өсүүсүн эсепке ала баштады. Ата-энелер менен кызматташууну жакшыртышты.
- Мугалимдер ишинин сапатын жана натыйжалуулугун баалоо боюнча чен-өлчөмдөр (критерийлер) аркылуу өзүнүн ишине талдоо жүргүзүүгө, өзүн-өзү тынымсыз өстүрүүгө көңүл бурушуп, мектеп жетекчилер жана кесиптештери менен талылуу маселелер болсо талкуулап, чечүү жолдорун бирге таба баштады.
- Мугалимдер менен жекече иштөө, ар бир мугалимге өнүгүүнүн жеке жолун табууга көмөк көрсөтүүгө, өз билимин өзү өнүктүрүүгө үйрөтүүгө жетишилди. Мугалимдерде: “менин өнүгүүм — жамааттын өнүгүүсү” деген түшүнүк пайда болду.
Д.Ш: Агай, мектептин жана мугалимдин ишмердүүлүгүн Жалпы республикалык тесттин, олимпиаданын, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына карата сынамык тесттин, мектептин жасалгаланышына жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө карап баалоо туурабы? Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
О.С: Дүйшөн, менимче, көп жылдан бери эле “Жалпы реапубликалык тесттин жыйынтыгы боюнча мектептин жана мугалимдин ишин баалоо туурабы?” деген суроо боюнча соцтармакта, маалымат каражаттарында талкуулар болууда. Кээси ЖРТнын жыйынтыгы боюнча мектептин жана мугалимдин ишмердүүлүгүнө баа берүү туура десе , кээ бири туура эмес деп чыгышты. Ал турмак айрымдары балага берилген “Алтын сертификаттарга” да кайчы пикирин билгизишти. Кечээ жакында эле сенин “Азаттык” радиосуна берген маектешүүңү уктум, абдан маанилүү ойлорду ортого салыпсың. Ошондуктан кыскача эле, сиз сөз кылбаган айрым деталдарына токтолуп кетейин. Ошол маекте сиз белгилегендей бул долбоорду ишке ашыруучу АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенствосу да “Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарын жалпы билим берүүчү уюмдардын билим сапатынын көрсөткүчү катары баалоого болбойт” деп маалымат таратты. Ушул маалыматка таянып, мектептин жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоодо Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарын эске алуунун туура эместиги жөнүндө оюн, көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдүн мектептеги сабактарын таштап коюп, айлап ЖРТга даярдоочу мекемелерден даярданып жатканын жүйөө келтирип, Билим берүү жана илим министри Доктуркул Кендирбаева да мектептин ишмердүүлүгүнө баа берүүдө ЖРТнын жыйынтыгын эске алуу туура эмес деп билгизди.
Дүйшөн, мен ушул маселеде, Билим берүү жана илим министрлигинен, билим берүү боюнча эксперттерден жана жалпы эле билим берүүгө кызыктар инсандардан ЖРТнын жыйынтыктарын төмөндөгү шартта мектептин жана мугалимдин ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун баалоодо маанилүү көрсөткүч катары алууларын суранат элем. Маселен, биз, автордук мектептин бүткүл педагогикалык жамааты, 2002-жылы ЖРТ кирген күндөн баштап, тесттин максаты, мазмуну менен таанышып чыгууну чечтик. Алгач, ишибизди “Абитуриенттер үчүн колдонмодогу” жалпы тесттин максаты менен таанышуудан баштадык. Андагы “Жалпы тесттин максаты — жогорку окуу жайда окуусун улантыш үчүн абитуриенттердин ичинен эң жөндөмдүүлөрүн аныктоо. Тест сиздин мектепте алган бааларыңыз кандай болгондугуна карабастан иш жүзүндө эмнелерди билериңизди жана аткара аларыңызды көрсөтүшүңүзгө мүмкүндүк берет. Ал жалпы математикалык, окшоштуктар жана сүйлөмдү толуктоо, эне тилинде окуу жана түшүнүү жөндөмдөрүңүздү, ошондой эле эне тилиңиздин граматикасы боюнча билгичтиктериңиз жана көндүмдөрүңүздү баалайт” деген жалпы тестин максатын билдик. Биз ушул тексттин мазмунуна ылайык өзүбүздүн алдыбызга: “Кандай көндүмдөргө ээ болгон абитуриент эң жөндөмдүү абитуриент? Ал жөндөмдөргө абитуренттерди ээ кылуу үчүн мугалимдер окутуунун кандай методдорун, формаларын, технологияларын пайдалануубуз зарыл? Чындыгында, жогорудагы билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү бала кайдан алат?” деген суроолорду койдук. Акыры ЖРТ ийгиликтүү тапшырышы үчүн абитуриенттер негизги предметтер боюнча билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн практикада жана турмушта колдоно алуу, талдоо, чечмелөө жана көйгөйлөрдү натыйжалуу өз алдынча чечүү жөндөмүн, коомдо өз алдынча ийгиликтүү жашоо жөндөмүн, оозеки жана жазуу түрүндө сынчыл ой жүгүртө билүү жана баарлашуу жөндөмүн, сөзгө, сүйлөмгө жана текстке талдоо жүргүзө билүү, сөздүн сүйлөмдөгү, сүйлөмдүн тексттеги, тексттин кептеги ой жаратуу күчүн аныктай алуу жөндөмүн, сөздүн сүйлөмдөгү, сүйлөмдүн текстеги, тексттин кептеги маанилик байланыштарын, ордун аныктай жана колдоно билүү жөндөмдөрүн көрсөтө билиши зарыл экендигине ынандык. Окутуудагы мурдагы катаалыктарыбызды, башкача айтканда, фактологияга гана таянып, убактылуу жана үстүртөн академиялык билим бергенибизди, теорема, аныктама, эрежелерди, дата маалымат менен ири форматтуу таблицаларды жаттап алганга азгырылганыбызды билдик. Бардык мугалимдер, башталгыч класстан баштап, окутуунун мазмунун, методун, формасын жана технологиясын өзгөртүүбүз, жаңылообуз зарыл экендигин түшүндүк. Башталгыч класстан баштап бардык предметтерден сөздүк дептерин ачтырдык, жогорку деңгээлде ой жүгүртүү жөндөмүн калыптандырганга көңүл бөлдүк. Ар бир жаңы сөздүн башка сөздөр менен маанилик байланышын (синонимдик, антонимдик, чөйрө, бүтүн жана бөлүк ж.б) аныктатчу болдук. Китептеги, мейли физика, химия, математика ж.б. бардык тексттерди мурдагыдай окутуп, түшүнүгүн сурап эле баа коюп койбой, тексттеги негизги ойду, жалпы тексттин негизги ою менен абзацтардагы ойдун байланышын ж.б аныктатчу болдук.
Жыйынтыктап айтканда, эгер ЖРТтеги ийгиликке мектеп, мектептеги мугалимдер өздөрү изденип, иш ыкмасын өзгөртүп, жаңылап отуруп жетсе, ЖРТнын көрсөткүчү менен мектептин жана андагы мугалимдердин ишмердүүлүгүн бааласа туура болот. Дагы бир эске алуучу нерсе ЖРТнын жыйынтыгы боюнча мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоодо, негизги тест гана эске алынып, предметтик тесттин жыйынтыгы боюнча мугалимдердин эмгеги эске алынбай калууда.
Дүйшөн, мен олимпиаданын, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына карата мектептин жана андагы мугалимдердин ишмердүүлүгүнө баа берүүнү туура деп эсептейм. Анткени зээндүү балдар менен иштөө мектептин ишинин негизги багыттарынан. Бул оңой иш эмес. Мугалимден да, окуучудан да канчалаган чыгармачыл эмгекти, талбай изденүүнү, уйкусуз түндөрдү өткөрүүнү талап кылат. Мен 52 жылдык педагогикалык жолумда олимпиаданын республикалык туруна кыргыз тилинен араң зорго Касымбекова Сапаргүл (2-орун), Сайдилканова Перизат (2-орун), Азимбаева Чыныгүл, Сайдилканова Мээрим (1-орун), Кудайбердиева Айжаннат (2-орун) аттуу окуучуларымды чыгардым. Булардын ичинен Касымбекова Сапаргүлдү даярдоодо Маматалиева Паизбүнүн да эмгеги зор.
Мен мектептин жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн мектептин жасалгасына, аны оңдоп-түзөөсүнө карата баалоого каршымын.
Д.Ш: Мектептин жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн тест, олимпиада, “Алтын тамга” артыкчылык аттестаты менен гана бир жактуу баалап калгандын, жалгыз гана академиялык көндүмдөргө көңүл бурулгандын кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
О.С: Дүйшөн, бул сурооңо жоопту өзүң белек кылып берген Энди Харгривз жана Деннис Ширлинин “Төртүнчү жол. Келечекке шыктандырган билим берүүдөгү өзгөрүүлөр” китебинде 7-беттин 2-абзацтында абдан даана жооп бериптир. Анда “… Акырындап тесттин жыйынтыктары жогорулай баштады. Бирок окуучулардын кызыгуусу, мугалимдердин чыгармачыл деми кескин түрдө начарлап кетет, себеби баары тесттин жыйынтыгы үчүн гана иштеп калды” деп турмуштук чындыкты туура белгилептир. Билим берүү дегенде биз үч багыттагы милдетти — билим, тарбия, өнүктүрүү милдетин түшүнүүбүз зарыл. Биз төмөндөн баштап жогорку мамлекеттик деңгээлге чейин “билимге” гана басым жасап, мектептин, мугалимдин эмгегине бааны бир жактуу гана окуучуларынын билимдеги жетишкендигине карап, бир жактуу баалап коюудабыз. Ошондуктан биздин бүтүрүүчүлөр руханий, акыл-эс, сезим, дене күчүнөн, акылмандык, адеп-ахлак, эмгекчилдик, гумандуулук жактан өксүп, толук кандуу инсан болуп калыптанбай, терс жорук-жоосундарга, адаттарга, зордук-зомбулукка, мыкачылык, таш боордукка барып жатат. Коррупционерлер бүт билимдүүлөр болуп жатат.
Демек, биз мугалимдердин ишмердүүлүгүн ар тараптан жетилген толук кандуу инсанды калыптандыруудагы жетишкендигине карап баалоо зарыл.(Маектин уландысы бар)