Биз менен байланышыңыз

Алымбеков: Мугалимдердин кадырын кетирип алдык

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2020 | 784 | 0

Мугалим канчалык кадырлуу болсо, окуучуга ошончолук жугат, айткан сөздөрү таасирдүү болот. Тилекке каршы, мугалимдердин кадырын кетирип алдык. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эл акыны Надырбек Алымбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окутуучулардын кадырын жогорулатууга болот. Ал үчүн каражат кетпейт, болгону аракет керек.

«Илгери эле колхозго сугатка салып, чабандарга жардамчы кылып атып, мугалимдердин кадырын кетирип салышкан. Мурда мектеп директорунун кадыры колхоз башкармасыныкынан бийик болчу. Күн суук болсо да, мугалим келе жатканда тумагыбызды чечип учурашчубуз», — дейт Алымбеков.

Ал белгилегендей, адам окуганда өзгөрөт. Окуусуз болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM