Биз менен байланышыңыз

«ЖМКлар мугалимдердин жакшы жактарын да чагылдыра билсе…»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 1024 | 0

ЖМКларда мугалимдик кесиптин терс жактары көп көрсөтүлөт. Бул тууралуу Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мени ЖМК, кинолордо мугалимдик кесиптин жаман, терс жактарынын көп көрсөтүлүшү өкүндүрөт. Тилекке каршы, ЖМКларда окутуучуларды мыскылдаган да маалыматтар кездешет. Мындай кабарды окуган бүтүрүүчү кантип мугалим болсун? Ошондуктан ар бир тармакта, кинолордо да мугалимдик кесиптин жакшы жактарын ачып берсек. ЖМКлар окутуучулардын жакшы жактарын да чагылдыра билсе…»— дейт Шаматов.

Ал мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү багытында Кыргызстанда жогорку класстардын арасында дил баян сынагы жарыяланганын эске салды.

Маалыматка караганда, конкурска 1300 эссе түштү. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Алдыды сынактын экинчи айлампасы өтөт.

Окуучулар арасында дилбаян сынагы жүрүп жатат

Copyright © 2017 Maral FM