Биз менен байланышыңыз

«Ата-эне менен мектеп өнөктөш катары иштеши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 817 | 0

Ата-эне менен мектеп өнөктөш катары иштеши керек. Анткени экөөнүн максаты бир. Мындай пикирин Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө кээде ата-эне менен мектеп атаандаш катары иштейт. Бул туура эмес.

«Чет өлкөлөрдө ата-энелерди мектепке тартып, өнөктөш катары иш алып баруу өнүккөн. Биз мындай нерсени колдоно албайбыз. Ата-эне мектепти өзүнчө аралча катары көрбөстөн, балдарынын келечеги экенин сезсе, коомдун да мектепке болгон көз карашы өзгөрөт», — дейт Шаматов.

Мугалимдер чет тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылышы керектигин белгилеп, анын себебин чет тилде жазылган материалдардын көптүгү менен түшүндүрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM