Биз менен байланышыңыз

«Билим берүүдө реформанын көптүгү да зыян алып келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 642 | 0

Мектеп директорунун деңгээли, ролу — билим берүү сапатынын кыймылдаткычы. Жетекчи мыкты болсо, жамаатты алдыга сүрөйт. Мындай пикирин Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мектепке директор болуу үчүн атайын окуудан өтүү талабы жок. Жетекчи мугалимдердин арасынан тандалып алынат. Бирок директорлор лидердикти, менеджментти да үйрөнүшү керек. Анткени өлкөдө мектеп жетекчилери мекемеге каражат тартуучу адам катары каралып, тапкан каражатынын көлөмүнө жараша бааланып калды. Бул — өкүнүчтүү жагдай.

Мектептерде мекемени алдыга сүрөгөн директорлор иштесе, билим берүүнүн сапатын жакшыртат.

«Билим берүүдө реформанын көптүгү да зыян алып келет. Тактап айтканда, реформа аягына чыкпай жатып, башкасы башталса, мугалимдерди да кыйнап коёбуз.Билим берүү тармагында өзгөрүүлөр дароо байкалбайт. Өкмөт менен кошо билим берүү тармагында эмгектенген жетекчилердин да алмашып кетиши өкүндүрөт», — дейт Шаматов.

Copyright © 2017 Maral FM