Биз менен байланышыңыз

Диплом маселеси саясатчыларды куугунтуктоо жолуна айландыбы?

Саясат | 17 Янв 2022 | 1372 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы ЖАМУнун дипломун мыйзамсыз алгандыгына байланыштуу суракка чакыруусу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк муну тандалма мамиле катарында баалап, президенттен баштап, ар бир чиновниктин дипломун текшерип чыгуу керектигин айтышууда. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер  болгон Рыскелди Момбековду «жасалма дипломго» шектеп, шайлоодон четтеткен эле. Кийин Жогорку Сот БШКнын айыбын негизсиз деп тапкан. Диплом маселеси саясатчыларды куугунтуктоо жолуна айландыбы, саясатчыга диплом керекпи? Бул суроонун айланасында серепчилердин оюн тыңдадык. 

14-январда Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы «ЖАМУнун дипломун мыйзамсыз алган» деген айып менен УКМК суракка чакырган. Иликтөө жүргүзүлгөндө ЖАМУдагы Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билимин тастыктаган документ жок болуп чыккан. Мындан улам «ал окууга мыйзамсыз кабыл алынып, жогорку окуу жайдын дипломун мыйзамсыз алган» деген тыянакка келишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматованын Орусияда болгону аныкталган. Сурактын жыйынтыгынан соң, ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилери айтылган. Ошол эле күнү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сурак берип чыккан.

Бүгүн Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына берген маегинде Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров жана Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы тууралуу суроого жооп берип, коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өздөрү таза болушу керек экенин айтты.

«Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең «беттери калың» экен. Кыргызда «Кыз боозуп, энесин коркутат» деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат? Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле».

Диплом жогорку же атайын орто окуу жайды кайсы бир адистикте аяктаганын тастыктоочу юридикалык документ болуп саналат. Эгемендик жылдардан кийин окуу жайларда диплом сатып алуу, экзамендин бааларын коррупциялык жол менен койдуртуу, дипломдук ишти акчага жаздыртуу сыяктуу түшүнүктөр ачык эле тарап баштаган. Ал тургай бул терс адат окутуучулардын кошумча киреше табуу булагына айланганы жашыруун деле эмес. Бул боюнча буга чейин да бир канча изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев учурда билим менен дипломдун айырмасын ажырата албаган түшүнүктөр аралашып, башка тарапка багытталып баратканын белгиледи. Анын айтымында, диплом барбы, ал мыйзамдуубу, токтотушу керек, сабакка барып-барбаганы башка кеп.

Ошондой эле Масалиев диплом маселелерин Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүп текшертсе болорун, УКМКнын андан башка да маанилүү иштери көп экенин айтты.

«Кандай талаптар болсо, ошол талапка ылайык документтер тапшырылган, андан кийин окууга өттү. Андан кийин экзамендерге барган, сабакка барган, кийин диплом жазган. Тогуз жылдан кийин баланча кагаз жетишпейт десе, Орозайым жооп бермек беле ошого. Кандай болсо да диплом алган. Ошондуктан бул чоң маселе болуп турат. Сырттан окуунун сапаты башка кеп. Президент Садыр Жапаров деле физкультурныйда окуп жүргөндө армияга барган да. Аны деле окуган эмес деп айтышыбыз керекпи, ал туура эмес да. Кандай болсо да окуган, экзамен тапшырган, кандай болсо да диплом алган. Ал эми билим деген башка нерсе. Билими жетишип-жетишпегени ар бир адамдыкы өзүнчө каралат. Билим менен дипломдун айырмасын билбей калдык».

Ал эми «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаеванын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарына диплом сөзсүз керек. Анткени ал жерде документтер менен иштешип, мыйзамга анализ жасашат.

«Биринчиден, аналитикалык документтер менен иштешет. Экинчиден, грамматикалык, юридикалык, адистик билгичтиктери сөзсүз болушу керек. Парламент жөн эле сүйлөп коюу деген сөз эмес. Депутат ошол ар бир жасалып жаткан программаларга, жазылып жаткан мыйзамдарга, «жаңы мыйзам жазылса, кайсы тармакка ийгилик алып келет? Бул мыйзамдын кайсы жеринде коррупциялык кооптуулук бар, же болбосо дискриминациялык элементтер жокпу?» деген сыяктуу маселелерге адис катары салыштырмалуу анализ кылышы керек. Балким жергиликтүү кеңешке депутат болгондорго жогорку билимдин кереги жоктур, анткени ал жерде жергиликтүү бюджет маселесин карайт. Баары бир тармактын муктаждыгын, тармактын өзгөчөлүктөрүн билип келип, тармактын кызыкчылыгын көздөп, документ аркылуу талашууда сөзсүз түрдө атайын билимиң да, атайын тажрыйбаң да өз жемишин берет». 

Акыркы учурда технология дүйнөсүнө чоң революция алып келген, Tesla автоконцернинин жана SpaceX космостук технология фирмасынын негиздөөчүсү Илон Масктын мисалында айрым кесиптерге дипломдун деле кереги жок экенин көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө ИТ-програмисттер үчүн да диплом талап кылынбай эле, кыска курстарды бүтүп, чоң фирмаларда иштөөгө болот. Бирок этикалык нормаларды талап кылган, керектүү билим деңгээлди тастыктаган күбөлүктү дүйнө деле жокко чыгара элек.

Коомдук ишмер Сейтек Качкынбайдын баамында, учурда саясатчыны мамлекеттик кызматкерге тиешелүү касиеттер болушу керек деп кыйнап жатышат. Диплом депутатка сөзсүз керек болгон критерий катары каралбашы керек. Диплом сатып алуу, коррупциялык элементтер аралашкан болсо, ал өзүнчө каралышы керек. Учурда жогорку билимдүү болушу керек деген норманы кайсы бир саясатчыны чаап түшүрүү үчүн колдонушууда.

«Депутат деген — бул саясатчы, ал мамлекеттик кызматкер эмес. Саясатчы лидерлик касиети, даанышмандык сапаты шайлоо аркылуу элдин батасы, ишеними менен келет. Ошондуктан саясатчыда дипломдун бар болушу ага артыкчылык берет, бирок «диплому жок болсо саясатчы депутат боло албайт» деген — күлкүлүү нерсе. Ошондуктан мындай норманы биз туура эмес киргизип алганбыз. Саячсатчылардын диплому болсун деген норма «макалё» деген кубулуштан келип чыккан. Ошондой сабатсыздар, керек болсо эки сөздүн башын бириктире албаган чала сабаттар келип калып жатат деп, диплому болушу керек деген норма Конституцияга киргизилген болчу. Бирок биз, тилекке каршы, бул мыйзам эмнеден келип чыкканын унутуп калып эле, бийликке жакпай калган кайсы бир кишини чаап түшүү үчүн колдоно баштаганыбыз айкын болууда».

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер  болгон Рыскелди Момбековду «жасалма дипломго» шектеп, шайлоодон четтеткен эле. Кийин Жогорку Сот БШКнын айыбын негизсиз деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM