Биз менен байланышыңыз

Матанов: Балдарга көңүл бөлүнбөсө, кийин көчөлөрдө атышуу болот

Күн чабыт , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 3633 | 0

Айылдагы ар бир мектепте балдар менен иштей турган психологдор керек. Мындай пикирин «Интеллект» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда ички жана сырткы миграциянын негизинде көп балдар ата-энесиз өсүп атат.

«Жакында эле патрулдук милиция бир жаранды атып койду. Бул — жөнөкөй эле трейлер. Азыр балдар телефондо жалаң атышкан оюндарды ойноп чоңоюп жатышат. Ушул калыпта кете берсек, мектептерде психологдор жок болсо, балдарга көңүл бурулбаса, 10-15 жылдан кийин көчөлөрдө ачык эле атышуу болот», — дейт ал.

Матанов жакында Жогорку Кеңешке шайлоо болорун эскертип, айыл тургундарына кеңеш берди.

«Талапкерлерден айылга футбол талаасын куруп берүүнү же ушул сыяктуу  нерсени сурабастан, 2 балаңарды: бирин IT-адистикке, бирин психологдун окуусуна окуттуруп алгыла. Кийин ошол балдар айылга келип, 3 жыл иштеп бергендей болсун», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM